КУАУНУН “ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ” ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 03.02.2023
  • 0

2023-жылдын 2-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун “Өнүгүү стратегиясы” талкууланды. Бул тууралуу университет фейсбук баракчасына жарыялады.

КУАУНУН “ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ” ТАЛКУУЛАНДЫ

Талкууга университеттин ректору, академик Рысбек Нургазиев, проректорлор, түзүмдүн жетекчилери, декандар, институттун директорлору, кафедра башчылары жана профессор-окутуучулар катышты.

Аталган жыйында келечекте университет QS WUR дүйнөлүк рейтингге кирүү жана “Университет-4.0” концепциясын ишке ашыруудагы негизги маселелер тууралуу конкреттүү презентация  көрсөтүлдү.

Зарыл болгон муктаждыктар ар бир окумуштууга, жумушчу топко бекитилип берилди. Алар бир жуманын ичинде аталган маселелер боюнча жол картасын түзүп, сунуштар менен маалымат бериле тургандыгы милдеттендирилди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер