КУАУНУН «COWID» СТАРТАП-ДОЛБООРУ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

  • 11.11.2026

Илим күнүнө карата Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасы: илимди, инновацияларды жана инвестицияларды өнүктүрүү» аттуу республикалык форум болуп өттү. КУАУНУН «COWID» СТАРТАП-ДОЛБООРУ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Иш-чаранын расмий ачылышына Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, Энергетика министри Алтынбек Рысбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Дамирбек Бикулов, «Рокс Энерджи Борбордук Азия» ишканасынын өкүлү Кубанычбек Мураталиев, ошондой эле илимий-академиялык чөйрөнүн, бизнес жана стартап коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Форум мамлекеттик саясат менен жаштардын инновациялык идеяларын, илимий изилдөөлөр менен инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү бир аянтчада бириктирди. КУАУНУН «COWID» СТАРТАП-ДОЛБООРУ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Форумдун алкагында студенттик жигердүүлүктү колдоого багытталган «InnovTech Startup Challenge 2026» республикалык стартап-долбоорлор конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр салтанаттуу түрдө сыйланды.

Калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • I орун — К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «CowID: Бодо малдын куут маалын таануу жана идентификациялоо үчүн AI-системасы» долбоору;

  • II орун — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Safe2AI» долбоору;

  • III орун — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Композициялык материалдарда кездеме калдыктарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана талдоо» долбоору. КУАУНУН «COWID» СТАРТАП-ДОЛБООРУ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Башкы байгени жеңип алган КУАУнун «CowID» долбоору айыл чарбасын санариптештирүүгө багытталган жаңычыл иштелме болуп саналат. Аталган система жасалма интеллект жана Face ID ыкмасын колдонуп, бодо малды тумшугунун уникалдуу өзгөчөлүктөрү аркылуу тааныйт жана малдын куут маалын өз убагында аныктайт. Бул технология фермерлерге уруктандыруу жараянынын оптималдуу мөөнөтүн так аныктап, чарбанын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. КУАУНУН «COWID» СТАРТАП-ДОЛБООРУ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Инновациялык долбоор КУАУнун инженердик-техникалык факультетинин ага окутуучусу Бермет Жаныбекованын жетекчилиги астында иштелип чыккан. Аны практика жүзүндө ишке ашырган студенттер — Диана Талгартбек кызы, Курманбек Тургунбеков жана Жамал Нурбекова. Жаш ойлоп табуучулардын мындай ийгилиги жогорку окуу жайлардагы билимдин реалдуу сектор менен айкалышып жатканынын айкын далили болду.

Бөлүшүү