БМУ МЕНЕН КАНВОН УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ БЕРҮҮ ФРАНЧАЙЗИНГИН ИШКЕ АШЫРАТ

  • 11.11.2026

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен Корея Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири — Канвон улуттук университети билим берүү франчайзинги багытында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту. БМУ МЕНЕН КАНВОН УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ БЕРҮҮ ФРАНЧАЙЗИНГИН ИШКЕ АШЫРАТ

Эки тараптуу документтин негизинде кореялык университеттин билим берүү программалары түздөн-түз БМУнун базасында ишке ашырылат. Бул демилге кыргызстандык жаштарга өлкөдөн чыкпай туруп эле Канвон улуттук университетинин эл аралык академиялык стандарттарына дал келген сапаттуу жогорку билим алууга кеңири жол ачат. БМУ МЕНЕН КАНВОН УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ БЕРҮҮ ФРАНЧАЙЗИНГИН ИШКЕ АШЫРАТ

Өнөктөштүктүн алкагында «4+0» модели боюнча төрт жылдык бакалавриат программасын киргизүү мерчемделген. Долбоор кореялык тараптан академиялык жактан үзгүлтүксүз колдоону, заманбап окутуу усулдарын жана билим сапатын эл аралык талаптарга ылайык камсыз кылуу механизмдерин өзүнө камтыйт. БМУ МЕНЕН КАНВОН УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ БЕРҮҮ ФРАНЧАЙЗИНГИН ИШКЕ АШЫРАТ

Макулдашуу эки окуу жайдын ортосундагы буга чейинки алака-катышты жаңы баскычка көтөрүп, академиялык интеграцияны бекемдөөгө, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусуна жана дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кесипкөй адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Кыргыз-корей билим берүү мамилелерин бекемдеген бул кадам Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык деңгээлдеги потенциалын арттырууга багытталган маанилүү жетишкендик болуп калмакчы.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү