БИШКЕКТЕ «МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ — 2026» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 11.11.2026

Бүгүн, 11-ноябрда, Бишкек шаарында «Мыкты мектеп ашпозчусу – 2026» республикалык сынагынын финалдык этабы өтүүдө. Иш-чара И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасындагы Республикалык компетенциялар борборунда уюштурулду.

Быйыл сынак «Даам лабораториясы: «Ден соолугу чың окуучу» миссиясы» аталышындагы жаңыланган билим берүүчү интенсив форматында өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген мектеп ашпозчулары катышып, теориялык жана практикалык тапшырмалар аркылуу кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүштү.

 

Катышуучулар мектеп ашканасындагы иш процесстерине байланыштуу кырдаалдарды талдап, менюга аудит жүргүзүп, азыктарды кабыл алуу жана технологиялык карталарга ылайык тамак даярдоо боюнча тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле программада шеф-ашпозчунун мастер-классы каралган.

Сынактын негизги максаты – мектеп ашпозчуларынын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана окуучулар үчүн коопсуз, пайдалуу, түрдүү жана даамдуу тамактанууну жайылтуу.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

БИШКЕКТЕ "МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ - 2026" СЫНАГЫ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ "МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ - 2026" СЫНАГЫ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ "МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ - 2026" СЫНАГЫ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ "МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ - 2026" СЫНАГЫ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ "МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ - 2026" СЫНАГЫ ӨТТҮ

Бөлүшүү