«АЛТЫН КАЗЫК» ПРОГРАММАСЫ: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР ТАЛКУУЛАНАТ
- 11.11.2026
- 0
2026-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарындагы «Jannat Resort» комплексинде «Алтын Казык» программасына арналган эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтөт.
Иш-чараны Агартуу министрлиги жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту уюштурууда.
Симпозиумда өлкөнүн билим берүү системасын жаңылоо, улуттук баалуулуктарды билим берүү менен айкалыштыруу, заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү талкууланат.
Ошондой эле XXI кылымдын көндүмдөрү, функционалдык сабаттуулук, STEAM билим берүү, үй-бүлө менен мектептин кызматташтыгы, санариптик технологияларды окуу процессине киргизүү маселелерине көңүл бурулат.
Иш-чарага мугалимдер, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар, усулчулар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер катышат.
Симпозиум офлайн жана онлайн форматта кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.
Өзгөчө белгилей кетсек, симпозиумдун уюштуруучуларынын бири болгон Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту өлкөдө жүрүп жаткан билим берүү реформаларын ишке ашырууда маанилүү милдетти аткарып келет. Институттун директору Алмазбек Токтомаметов жетектеген жамаат 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдерди жаңы окуу программаларына жана окутуу ыкмаларына даярдоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.
Маселен, 2025–2026-окуу жылында институттун уюштуруусу менен 40 420 мугалим квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн. Мындан тышкары, 105 окуу программасы жаңыланып, 20 жаңы курс иштелип чыккан. Мугалимдерге аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн электрондук платформалар да өнүктүрүлүүдө.
Бул иштердин негизги максаты — мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу, жаңы билим берүү талаптарына ылайык усулдук колдоо көрсөтүү жана реформанын мектептерде натыйжалуу ишке ашышына көмөктөшүү.
А.К., «КБ»