КТМУНУН ОКУТУУЧУСУ “МАЦУМАЭ” ФОНДУНУН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 09.02.2023
  • 0

КТМУНУН ОКУТУУЧУСУ “МАЦУМАЭ” ФОНДУНУН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин ага окутуучусу PhD доктору, доц. м.а. Айчүрөк Мажитова “Мацумаэ” эл аралык фондунун (Япония) изилдөө стипендиясын утуп алып, Кумамото университетинде өткөн жылдын 17-июлунан ушул жылдын 17-январына чейин изилдөө иштерин аткарып келди. Бул тууралуу окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш  бѳлүмүнүн адиси Айзат Таласбаева маалымдады.

КТМУНУН ОКУТУУЧУСУ “МАЦУМАЭ” ФОНДУНУН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Айчүрөк Мажитова Кумамото университетинин колдонмо химия жана биохимия кафедрасынын профессору Макото Такафужи менен «Кымызды ачытуу учурунда белок фракцияларынын бөлүштүрүлүшүн ультра тандалма HPLC аркылуу изилдөө» деген темада долбоорун бирге ишке ашырышкан. Японияда жүргөн учурда илимий изилдөөлөрдөн тышкары Испания, Франция, Литва, Бангладеш жана Япониянын башка профессорлору менен да жакындан таанышып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгө ээ болду.

КТМУНУН ОКУТУУЧУСУ “МАЦУМАЭ” ФОНДУНУН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 2018-жылы Японияда изилдөө жүргүзүүнү кыялданып программаларын изилдей баштагам. Сакура алмашуу программасын таап алдым. Ага тапшыруу үчүн Япониядан профессор менен байланыш куруу керек болчу. Көптөгөн профессорлорго кат жаздым. Бирок жооп ала алган жокмун. Андан кийин инженердик факультетте иштеген Эмил Өмүрзак уулунан тааныштарын сунуштоону сурандым. Эмиль агай докторлугун Япониядан жактап, узак убакыт Японияда иштеп жана жашап келген. Ал Кумамото университетинен проф. Хиротака Ихаранын почтасын берди. Аны менен байланышканымда, мени кабыл ала албастыгын билдирип, өзүнүн кесиптешин Кумамото университетинин колдонмо химия жана биохимия кафедрасынын профессору Макото ТАКАФУЖИни сунуштаган. Ага жазганымда дароо эле жооп ала алган жокмун. Көп жолу жазгандан кийин гана жооп берди. Ошондон кийин байланышты үзбөгөнгө аракет кылдым. Ошентип, 2019-жылы университеттин инженердик факультетинин студенттерин Япониянын илим жана технология агенттиги (JST) тарабынан каржыланган Сакура илимий алмашуу программасынын алкагында (Sakura Science Exchange Program) Кумамото университетине алып барып келдим. Ошондо Кумамото университетинин изилдөө лабораториялары менен жакындан таанышуу мүмүкүнчүлүгүн алдым. Ошол эле жылы Мацумаэ эл аралык фондунун (The Matsumae International Foundation, Токио, Япония) конкурсуна документтеримди тапшыргам. 2019-жылдын декабрь айында Мацумаэ эл аралык фондунан грантты утуп алгандыгым тууралуу кат келди. Изилдөө долбоорумду ишке ашыруу үчүн 2020-жылы Японияга барышым керек болчу. Бирок ошол учурдагы пандемияга байланыштуу стипендиянын мөөнөтүн жылдырууга туура келди. Ошентип, Кумамото университетинде 2022-жылдын 19-июлунан 2023-жылдын 17-январына чейин Японияда болуп, долбоорду ишке ашырып келдим, — дейт А.Мажитова.

17-январда ага Токио шаарында салтанаттуу түрдѳ “Мацумаэ” эл аралык фондунун башкармалыгынын төрагасы Тошиаки Хашимото тарабынан сертификат жана медаль тапшырылды.

Ч.К, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер