КТМУда ЖАҢЫ ПРОРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 07.03.2022
  • 0

КТМУНУН ЖАҢЫ ПРОРЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу иштери боюнча жаңы проректору болуп Экономика жана башкаруу факультетинин доценти Камалбек Карымшаков дайындалды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

КТМУда ЖАҢЫ ПРОРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Маалыматка ылайык, буга чейин окуу иштери боюнча проректорлук кызматын аткарып келген профессор Анварбек Мокеев кызматын ѳткѳрүп берген.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Камалбек Карымшаковго проректор кызматына дайындалгандыгы тууралуу күбѳлүгүн тапшырып, университеттин тѳш белгисин такты. Ошондой эле профессор Анварбек Мокеевге кѳп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Манас” университетинин атынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер