«МАНАСТЫН» КИРҮҮ СЫНАГЫНА 7321 АБИТУРИЕНТ КАТЫШТЫ

  • 10.07.2023
  • 0

9-июлда болуп өткөн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2023-2024-окуу жылына кирүү үчүн тестине 7321 абитуриент катышты.  Башкача айтканда, бир орун үчүн 6-7 абитуриент ат салышты. Бул тууралуу окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш бѳлүмүнүн адиси Айзат Таласбаева билдирди.

"МАНАСТЫН" КИРҮҮ СЫНАГЫНА 7321 АБИТУРИЕНТ КАТЫШТЫ

Сынактын жүрүшүндө, аталган окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова КТМУнун башкы имаратындагы жана Ч. Айтматов атындагы кампустагы сынак өтүп жаткан аудиторияларды кыдырып чыгышса, университеттин жетекчилери абитуриенттердин ата-энелери жана жакындары менен маектешип, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Абитуриенттер үчүн 227 аудитория даярдалды.  Сынакка кечигип жаткан абитуриенттерди ректордун кызматтык унаасы тосуп алып, сынак имаратына чейин жеткирип турду. Ошондой эле быйыл экономика жана башкаруу факультети менен инженердик факультетте англис тилинде сабак бериле баштагандыктан, абитуриенттер англис тилин билүү деңгээли боюнча да экзамен тапшырышты.

Сынактын жыйынтыгы 11-июлда жарыяланат. Кирүү сынагынан өткөн 1300 студент факультеттерге бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары, 17-июлдан баштап жалпы республикалык тестирлөөнүн  жыйынтыгы менен да студенттерди кабыл алат.

Эскерте кетсек, Quacquarelli Symonds Ltd түзгөн рейтингинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки жыл катары менен дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кирген алгачкы жогорку окуу жай болуп эсептелет.

Ректор Алпаслан Жейландын айтуусуна караганда, «Манас» университети дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын катарында жыл сайын жогорку деңгээлге көтөрүлүп жатат. Мындан улам университетте билим алууну каалагандардын саны да жыл сайын өсүүдө. Быйыл 10 миңге жакын абитуриент катталды.

Сынактын жүрүшү толугу менен окуу жайдын Facebook жана Instagram баракчалары  аркылуу түз эфирде чагылдырылып турду.

 

Айгерим Токтобаева, “КУТ БИЛИМ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер