КТМУ МЕНЕН ЕККУ АКАДЕМИЯСЫ ОРТОСУНДА КЫЗМАТТАШУУ КЕЛИШИМИ ТҮЗҮЛДҮ

  • 03.03.2022
  • 0

28-февралда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Академиясы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети ортосунда эки тараптуу кызматташуу жѳнүндѳ келишими түзүлдү.

Келишимге университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Бишкектеги ЕККУ Академиясынын директору Александр Вольтерс кол койду.

Белгилей кетсек, аталган келишимде окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер