КРУИАДА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ

  • 18.04.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Арт араба» Коомдук фонду, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан “VII дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында “Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи” аталышындагы республикалык деӊгээлдеги кереге кеӊеш болуп өттү.

КРУИАДА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ

Иш чарада учурдагы айтуучулук өнөрдүн уланмалуулугу, айтуучулук мектептин абалы, айтуучу менен аудиториянын карым-катышы, элдик эпикалык мурасты өзгөчө кенже эпосторду, дастандарды айтуучулардын жеткиликтүү болбой жатышы ж.б. маселелер талкууланды.

Жыйынга айтуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, изденүүчүлөр, маселеге кызыккан жалпы коомчулук катышты.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер