Кыргызстанда 32 га жерге зыяндуу курт-кумурскаларга каршы энтомофаг коё берилди
- 15.08.2023
- 0
Республика боюнча 32 миң гектарга энтомофаг (зыяндуу курт кумурскалар менен азыктануучу организм) коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, органикалык айыл чарба департаменти энтомофагдын 4 түрү өндүрүрөт:
— Амблисейус
— Трихограмма
— Габрабракон
— Алтынкөз
Энтомофаг атайын биолабораторияда өстүрүлөт. Азыркы тапта өсүмдүктөрдү зыяндуу курт-кумурскалардан коргоо үчүн жана эгиндин түшүмдүүлүгүн 90%да сактап калуу үчүн бул ыкма колдонулуп келет.
Бөлүшүү
Комментарийлер