КР УИАга МОНГОЛИЯ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛДИ  

  • 21.06.2018
  • 0

20-июнда Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер баш болгон делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Мурат Жуматаев илимдер академиянын биргелешип иштеше турган көп мүмкүнчүлүгүн айтып, УИАнын түзүмү, келечектеги пландары  жөнүндө маалымат берди. КР УИАнын Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев буга чейин Монголия илимдер академиясы менен айыл-чарба тармагы, мал чарбачылыгы боюнча мекеме аралык кызматташуулар башталып, бирок колдоого алынбай калгандыгын белгилеп: “Мындан ары ошол аракеттерди жандандырып айыл-чарба тармагындагы илимий тажрыйбалар менен бөлүшсөк болот. Мисалы, тоо жандыгы болгон топоздордун өзүлөрүн алмаштыра албасак да, уруктарын алмашып, аргындаштыруу тажрыйбаларын байкап көрөлү. Андан сырткары эки элди жакындаштырган жылкы бар. Бул маселенин дагы изилденбеген тараптарын биргелешип изилдесек болот”, — деди.

Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер  болсо КР УИАга болгон расмий иш сапарынын негизги максаты эки тараптуу илимий кызматташуу экендигин билдирип: “Жакынкы арада меморандум аркылуу кызматташууну жолго коёлу. Иштешүүнүн жолдорун тактап, кайсы тармактарда, илимдин кайсы багыттарында иш алып кетээрибизди аныктайлы. Биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрөлү”, — деген оюн ортого салды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер