КР ИИМ ОШ ШААРДЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ЖАНА ОШТУ ЭСКЕРТЕТ!

  • 28.04.2023
  • 0

ИИМдин экстремизмге жана миграцияга каршы аракеттенүү кызматы, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору жана Ош технологиялык университети мында билим алып жатышкан студенттерге өлкөбүздүн аймагындагы тил үйрөтүүчү борборлордун кызматынан пайдаланууда этият болууга чакырат.

Акыркы убактарда республиканын аймагында тил үйрөтүүчү окуу борборлорунун алдында ар кандай курстарды уюштуруп, андан ары жумушка орноштуруу менен, студенттерди чет өлкөдө сезондук толук эмес жумуш күнү менен камсыз кылган окуу борборлору тарабынан мыйзамсыз жана алдамчылык аракеттер болуп жаткандыгы кабарланууда. Бул аракеттердин натыйжасында чет өлкөгө убактылуу жумуш үчүн чыгып кеткен студенттер эмгек жана башка укуктарын билбегендиктен, ар кандай жагымсыз окуяларга туш болуу, иш берүүчүлөрдүн курмандыгы болуп калуу коркунучу орун алууда.

Студенттерди сезондук иштерге орноштуруунун мөөнөтү жакындап калганын эске алуу менен, мындай кооптуу кырдаалдарды болтурбоо максатында Ош технологиялык университетинде билим алып жатышкан студенттер университеттеги тиешелүү кызматтардын  өкүлдөрүнөн толук маалымат алуулары зарыл.

ОшТУнун эл аралык бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер