КПИ МАМЛЕКЕТТИК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТӨТ

  • 05.03.2021
  • 0

Баткен Мамлекеттик университетинин курамына кирген Кызыл-Кыя педагогикалык институту апрель айында мамлекеттик аккредитациядан өтөт.

Бул иш-чарага даярдык февраль айында башталды.
2021-жылдын 22-февраль күнү БатМУда кезектеги окумуштуулар кеңеши өттү. Аталган окуу жайдын ректору, профессор А. Т. Гыязов окуу жайдын эмгек жамааты, илимпоздор жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен баарлашып, кеңешти. Мындан сырткары, БатМУнун ички түзүмдүк өзгөрүүлөрү, апрель айында өтүүчү аккредитациялык иш-чараларга даярдык жана университтин алдыдагы иш пландары талкууланды.
Айта кетсек, 2021-жылдын 19-февралында БатМУнун ректору, профессор А. Т. Гыязов Кызыл-Кыя педагогикалык институтуна жумушчу иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында окуу жайдын материалдык-техникалык базасынын мүмкүнчүлүктөрүнө баа берип, окуу корпусунун, гимнастика залынын, спорт аянтчаларынын абалы менен жеринен таанышып кетти.
Мындан тышкары, айрым кемчиликтер да айтылып, аларды жоюуга көрсөтмөлөр берилди.
27-февраль күнү КПИнин профессордук-окутуучулук жамаатына профессор М. М. Тайиров аккредитациядан өтүү боюнча семинар өтүп, ар бир кызматкер үчүн пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.

Сүйүнова Айкөкүл

Бөлүшүү

Комментарийлер