КОСМОНАВТ КУБОГУ
- 17.04.2025
- 0
12-13 апрелинде “Ололо планет” бизнес-борборунда жана Тиленбаеванын балдар шахмат борборунда окуучулар арасында Кыргыз эл баатыры, Россия баатыры, летчик-космонавт Салижан Шакирович Шариповдун кубогуна шахмат боюнча экинчи эл аралык турнири өткөрүлдү.
Мелдешке Кыргызстандан тышкары Казахстан, Россия жана Өзбекстан мамлекеттеринен 250 дөн ашуун жаш шахматчылар катышты. Алардын арасында шахмат боюнча өз жаш курагында Азиянын 2 чемпиону, дүйнөлүк биринчиликте күмүш байге ээси жана 14 шахматчы Азиянын жана Батыш Азия зонасынын биринчиликтеринде байгелүү орундарды алып келген окуучулар бар.
Мелдеш 4 категорияда 8, 11, 14 жана 17 жаш курактагылар арасында жүргүзүлдү. Жеңүүчүлөр Э. Шаршенбеков, А. Жунусбекова, А. Алишеров, Э. Аскерова, А. Бектуров, М. Поляк, Ф. Медведев, жана А. Сабырбекова алтын медаль тагынышып космонавттын китебин белекке алышты. Алдыңкы орундарды ээлешкен элүү окуучу байгелерге ээ болушту. Командалык эсепте 1-орунду “Тиленбаеванын шахмат борборунун”, 2-орунду “Гардэ” шахмат клубунун оюнчулары ээлешти. Мелдеш Кыргыз шахмат союзу, “Ололо планет” бизнес-борбору, “Тиленбаеванын шахмат борбору” жана коомдук ишмерлер А.Абдурехменова, А.Сабиров тарабынан уюштурулду.
Комментарийлер