РПККЖжКДИ: 135 угуучу мугалим квалификациясына ээ болду

  • 09.09.2025
  • 0
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунда 2024-2025-жылы 11 адистик боюнча 135 угуучу ийгиликтүү аяктап, мугалимдик квалификацияга ээ болду.
Борбордо учурда 2-курста 621 угуучу билим алууда. 1-курста кабыл алуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 400дөй абитуриент кабыл алынды.
Борбордун Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында филиалдары бар. Окуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Тажрыйбалуу окутуучулар сабак берет. Кабыл алуу ушул жылдын 1-октябрына чейин жүрөт.
ЖОЖдордун окуу планына ылайык жүргүзүлөт. Окутуу 3 жума онлайн, акыркы жума оффлайн форматта өткөрүлөт.
Бир жылда бир жолу практика өтүлөт. Биринчи курста педагогикалык практика, экинчи курста мамлекеттик практика.
Кирүү сынактары аңгемелешүү формасында өтөт. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөргө тиешелүү үлгүдөгү диплом берилет. (БК)
Бөлүшүү

Комментарийлер