КОШУМЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ – МУГАЛИМДЕРДИ КАЙРА ДАЯРДООНУН АВАНГАРДЫ
- 26.06.2026
- 0
Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде институттун кайра даярдоо борборунун жобосу бекитилген. Жобого ылайык Кайра даярдоо борбору Билим берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун структуралык бөлүмү болуп эсептелет.

| № | Кошумча кесиптик билим берүү багытынын (адистиктин) аталышы | Окуу мөөнөтү | Окуу формасы |
| 1. | Социалдык педагог | 1,5 жыл | сырттан |
| 2. | Билим берүүнүн менеджменти | 1,5 жыл | сырттан |
| 3. | Педагогика (Орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайынын окутуучусу) | 1,5 жыл | сырттан |
| 4. | Мектепке чейинки билим берүү | 1,5 жыл | сырттан |
| 5. | Башталгыч класстарга билим берүү: Башталгыч класстар мугалими кесибин аркалайт. | 1,5 жыл | сырттан |
| 6. | Социалдык билим берүү (Диндердин өнүгүү тарыхы жана “Адам жана коом” сабагынын мугалими) | 1,5 жыл | сырттан |
| 7. | Химия жана биология мугалими | 1,5 жыл | сырттан |
| 8. | Физика жана математика | 1,5 жыл | сырттан |
| 9. | Аскерге чейинки даярдык | 1,5 жыл | сырттан |
| 10. | Дене тарбия | 1,5 жыл | сырттан |
| 11. | Орус тили жана адабияты | 1,5 жыл | сырттан |
| 12. | Кыргыз тили жана адабияты | 1,5 жыл | сырттан |
| 13. | Китепкана таануу | 1,5 жыл | сырттан |
| 14. | Информатика | 1,5 жыл | сырттан |
| 15. | Педагогика (Педагогикалык эмес адистиктер үчүн жалпы билим берүү мектептердин мугалими) | 1,5 жыл | сырттан |
| № | Кошумча кесиптик билим берүү багытынын (адистиктин) аталышы | Окуу мөөнөтү | Окуу формасы |
| 1. | Тарых жана география адистиги | 1,5 жыл | сырттан |
| 2. | Технология жана көркөм өнөр адистиги | 1,5 жыл | сырттан |
| 3. | Музыка адистиги | 1,5 жыл | сырттан |
| 4. | Дунган тили адабияты адистиги. | 1,5 жыл | сырттан |
Борбор өзүнүн иш-аракетин Кыргыз Республикасынын мыйзамы, “Билим берүү жөнүндөгү”, “Жогорку кесиптик билим берүү уюму жөнүндө”, “Кошумча кесиптик билим берүү уюму жөнүндө» типтүү жоболордун жана ПККЖ ж-а КДРИнун Уставынын негизинде ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №1649/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча кеңешинин чечими, 2023-жылдын 29-мартындагы №4-20 протоколунун негизинде Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна төмөндөгү багыттагы адистиктер боюнча кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга уруксат берилген:
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
29- майындагы №346 токтому менен бекитилген “Кошумча кесиптик билим берүү программасын жүзөгө ашырган жогорку жана орто кесиптик билим берүү жайларынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө” Жобо күчүн жоготкондугуна байланыштуу бир жарым жылдык окуу пландарын 9-10 айга кыскартуу иши колго алынды. Ушуга байланыштуу бир жарым жылдык окуу пландарын 9-10 айга ылайыкташтырып, педагогикалык билими менен окууга тапшырган угуучулар үчүн жана башка кесиптен окууга тапшырууга келген угуучулар үчүн окуу пландарын кээ бир предметтерди кыскартуу жана интеграциялаштыруу менен кайра түзүп чыгуу жана окуу жүктөмдөрүн түзүп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты. Кошумча кесиптик билим берүү борборуна E-Билим комплекстүү санарип билим берүү платформасын киргизүү жана АИС “Мугалимге” интеграциялаштыруу. Кошумча кесиптик билим берүү борборунун Жобосун кайра жазып чыгып, окумуштуулар кеңешине бекитүү. Бул иш-аракеттерди ишке ашыруу менен Кошумча кесиптик билим берүү борборунда билим алган угуучуларга билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат. Азыркы тапта ушул иштердин үстүндө иш алып барылууда.

Кошумча кесиптик билим берүү борборунда 10 адам
9 ставкада эмгектенет, эки кызматкерге 0,5 ставкадан маяна атайын эсептен берилет .
2024-2025-окуу жылында 11 адистик боюнча 137 бүтүрүүчү диплом алды. 2026-2027-окуу жылында 638 бүтүрүүчү Мамлекеттик сынак тапшырып, дипломго ээ болуу алдында турат. Угуучуларга окууга ыңгайлуу болуш үчүн аймактардагы окуу жайлар менен эки тараптуу келишимдер түзүлгөн. Жалал-Абад облусунда Эл аралык медицина университети, Баткен облусунда Баткен мамлекеттик университети, Ош облусунда Ош педагогикалык университети менен келишимдер түзүлүп, угуучулар жеринде билим алууда.
2025-2026-окуу жылында аймактар боюнча бүтүрүүчүлөрдүн маалыматы төмөндөгүчө: 178 угуучу он адистик боюнча Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда 119 бүтүрүүчү сегиз адистиктен, Баткен облусунда 160 бүтүрүүчү алты адистиктен, Ош облусу боюнча алты адистиктен 94 угуучу Мамлекеттик сынак тапшырды. Диплом алган бүтүрүүчүлөр АИС “Мугалим” системасына катталды.
Биринчи курста 908 угуучу 15 адистик боюнча билим алууда жана сынактарды ийгиликтүү тапшырып, экинчи курска көчүрүлдү.
Комментарийлер