КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!

  • 24.05.2020
  • 0

Кара-Көл шаарынын жетекчилиги жана мурунку бүтүрүүчүлөр учурда мектепти аяктап жатышкан 11-класстардын окуучуларын «Акыркы коңгуроо» аземи менен чын жүрөктөн куттукташты.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!

Кара-Көл шаарынын мэри Еркеев И.М.  мамлекетибиз үчүн оңой эмес шартта орто мектепти бүтүрүп, турмуштун чоң жолуна кадам ташташкан баардык бүтүрүүчүлөргө ак тилек каалоолорун жолдоду.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!
— Силер он бир жыл окуп, мектептен билим, тарбия жана тажрыйба алдыңар. Ошол билим-тарбияны силерге биз баарыбыз ар убак эмгегине таазим эткен, ардактап сыйлаган агай-эжейлер беришти. Ал билим дин акыбети сөзсүз кайтат! Силерден эл сыйлаган, калк кадырлаган адамдар чыгаарына бекем ишенем, — деп айтты шаар башчысы.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Кыргызалиев Б.Н. өзүнүн видео кайрылуусунда мектеп тарыхында биринчи жолу азыркы шартка байланыштуу бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу кечелери өтпөй калганын, бирок алдыда кайра кайтып келчү кубанычтуу күндөр бар экенин баса белгиледи.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!
— Урматтуу бүтүрүүчүлөр жана мектепти 10, 20, 30, 40 жыл мурун аяктаган эже-карындаштар, ага-инилер! Сиздердин баарыңыздарды «Акыркы коңгуроо» аземи менен чын жүрөктөн куттуктайм! Учурдагы кырдаалдан улам, бүтүрүүчүлөр кечелери өтпөй калды. Бирок алдыда курдаштар менен жолукчу бактылуу мүнөттөр бар экенин унутпайлы, — деди шаардык кеңештин төрагасы.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Мырзалиева А. Б. энергетиктер калаасындагы баардык агартуучулардын атынан бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга аманчылык, эсенчилик жана жашоодогу жакшылыктарды каалады.

Учурда мектептен чоң турмушка аттанып жатышкан 11-класстардын окуучуларын «Акыркы коңгуроо» салтанаты менен куттуктагандардын арасында ак мектепти мындан 50, 40, 30, 20 жана 10 жыл мурун аяктаган ардактуу бүтүрүүчүлөр да болду.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!

Мындан жарым кылым мурун  орто билими тууралуу жетилүү аттестатын колуна алып,  ушул күндөргө дейре окуучу жаштарга билим-тарбия берип келген ардагер мугалим Т.Сандыбаев быйылкы бүтүрүүчүлөргө өздөрү каалаган окуу жайларга тапшырып, мыкты адис, мыкты инсан болушуна тилектеш экенин айтты.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!
Ушул күндөрү мектепти бүтүргөнүнө 40 жыл толгон билим берүүнүн ардагери Кокоева Г.С.  быйылкы бүтүрүүчүлөргө кең келечек, ак жол каалады жана алардын баардык ой-максаттарынын орундалышына тилектештигин билдирди.

30 жыл мурунку бүтүрүүчү М. Байымбетов  мектеп уясынан учканы турушкан 11- класстардын окуучуларына чың ден соолук,  көздөгөн максатка жетүүдө кажыбас кайрат каалап, төмөнкү ыр саптарын арнады:

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!

Коштошуу кандай кыйын мектеп менен,
Айтканга кандай сонун окуу деген.
Кайрылып бир кезекте келерсиңер,
Кармашып уулуң менен, кызың менен!

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!

Мектепти 20 жыл мурда бүтүрүп, учурда мугалимдик улуу кесипте эмгектенип жүргөн Чыналиева Э. бүтүрүүчүлөргө өздөрү каалаган кесипке ээ болушуна тилектештигин билдирди.

КОШТОШУУ КАНДАЙ КЫЙЫН МЕКТЕП МЕНЕН!
Ушу тапта мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл болгон Байбаев С.  бүтүрүүчүлөрдү каалаган максатка жетүү үчүн талыкпай эмгек кылууга чакырды.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер