ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ УРАЛ МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ДА ДИПЛОМУН АЛЫШАТ

  • 01.10.2021
  • 0

ОшМУ Урал  мамлекеттик медициналык университети менен биргеликте кош дипдомдуу билим берүүнү баштады.

29-сентябрда онлайн форматта уюштурулган жыйынга Урал  мамлекеттик медициналык университетинен перспективалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча проректору Михаил Флягин  катышты. Ал эми ОшМУдан ректор Кудайберди Кожобеков, клиникалык базаны өнүктүрүү жана дарылоо иштери жана боюнча проректор Роман Калматов, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Жолугушууда эки окуу жайдын кош дипломдуу билим берүү багытында ишке ашкан кызматташтыктар, медицина факультетинин дарылоо иши, стоматология адистиктерине тапшырган студенттердин окуу программалары, алдыдагы пландар, студенттерди кабыл алуудагы иш-аракеттер боюнча сөз болду.

Бул долбоор 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын ичинде биринчи жолу ишке ашып жатат.  ОшМУнун медицина факультетине билим алууга тапшырган студенттердин ичинен 20 студент Урал медициналык университети  уюштурган экзаменден ийгиликтүү өтүштү.

Эми эки окуу жайдын дарылоо иши жана стоматология адистигине  тапшырган студенттер   үч жыл ОшМУда,  үч жыл Урал  мамлекеттик медициналык университетинде билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат. Ошондой эле эки университеттин студенти катары окуу жайдагы бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер