КОШ БОЛ, ЧОЛПОН САТЫБАЛДИЕВНА!

  • 19.07.2020
  • 0

13-июлда эжебиз Чолпон Сатыбалдиевна (Маамет кызы) Майлыбашеваны акыркы сапарга узаттык. Жолубузга жөлөк,  кыйналганда өбөк болгон Аска-Тообуз кулады. Ал баарыбызга бардык жактан үлгү эле.КОШ БОЛ, ЧОЛПОН САТЫБАЛДИЕВНА!

Ал Ат-Башы айылындагы  №2 мектепте жигердүү  окуучулардын катарында  Комсомол уюмун башкарып, «эң жакшы» деген баалар менен окуп, сүрөтү “Ардак тактада” илинип тураар эле. Мектепти аяктары менен Пржевальскийдеги Педагогикалык институтунун математика факультетине өтүп, 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1977-жылы Абдылдабеков Бекболотко турмушка чыгып,  эки балалуу болушту.  Эмгек жолун Нарындагы атактуу Чкалов мектебинде математика мугалимдигинен баштаган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде  жөнөкөй окутуучудан баштап, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысына чейин көтөрүлгөн. Аспирантураны сырттан  аяктап, педагогика илиминин кандидаты болгон. Кыргыздын  “Дарак  бир жерден көгөрөт” деген макалындай  эжебиз бир жерде, Жусуп Баласагын  атындагы КУУда иштеп келди. Студенттер, окуучулар   үчүн көптөгөн окуу китептердин, усулдук колдонмолордун, илимий макалалардын автору.  Математика сабагын мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуунун усулдарын  жайылтуучулардын бири.  Жаш окутуучу кадрларды  тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги үчүн “Элге билим берүүнүн  отличниги” деген төш белгисине татыган.

Кызы Калипа Абдылдабекова медицина илимдеринин  кандидаты, КММАда эмгектенет. Уулу – Калык Абдылдабеков Алматы шаарында казак-герман дары-дармек чыгаруучу компаниясынын менеджери. Эжебиз Чолпон илимдеги, жашоосундагы  көптөгөн иштерин, пландарын аягына чыгара электе,  ажал эрте алып  кетти. Эжекебиздин дагы бир артыкчылыгы – сөз бага билчү жана ошондой адамдарды баалачу. Дарс окуп жатабы же той-топурда сүйлөгөн сөздөрү кыргыздын  улуу   ойчулдарынын философиялык ойлоруна, улуттук өзгөчөлүктөрүбүздүн боёкторуна бай, таамай эле. Угуп отурган студентпи же айылдан келген дыйканбы, министрби, окумуштуубу кулагын төшөп, тамшанып кулак түрүшчү. Мындай асыл сапат бардык эле адамдарга берилген эмес.

Сөзүбүздүн соңунда  айтаарыбыз,  Чолпон Мааметовнанын жаркын элеси артында калган  бала-бакырасынын, бир туугандарынын, окуткан шакирттеринин жана аны тааныган, бирге иштеген кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, жаныңыз жаннатта  болсун!

Эжем Чолпон менен коштошуу…

(Майлыбашева Чолпон Маамет кызы)

Баарыбызды таштадың, Чолпон,

Боздотуп кеттиң, бир боорум Чолпон!

Бейиштен берсин жайыңды, Чолпон,

Берекем менин, кош болгун, Чолпон!

 

Нур чаччу элең дайыма, Чолпон,

Нур жаасын сага дайыма, Чолпон.

Ыйманың сага жолдош го, Чолпон,

Ыйлап бир калдык бир боорум, Чолпон!

Ыйдын арты жоюлсун, Чолпон,

Ынтымак берсин балдарга, Чолпон!

 

Калипа – биздин тай эне, Чолпон,

Карап бир сени тоскондур, Чолпон.

Кызыңдын аты — Калипа, Чолпон,

Колдоп бир жүргүн дайыма, Чолпон!

 

Кайын журтуң Нарындан, Чолпон,

Кызматын кылды аябай, Чолпон,

Кудалар өткөн илгери, Чолпон,

Кошулуп калдың айлыңа, Чолпон.

 

Айласыз сенден айрылдык, Чолпон,

Асманда элең, өчтүңбү, Чолпон.

Ата-энеңе бардыңбы, Чолпон!

Акыркы сөзүм: кош болгун, Чолпон!

 

Бир туугандарынын атынан: сиңдиси  Жылдыз Койчуманова, күйөө баласы Курманбай.

Бөлүшүү

Комментарийлер