КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

  • 18.05.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими Чойбекова Жылдыз учурдагы карантинге карабай Алиппе майрамын аралыктан мыкты уюштурду.

КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

 

 

Мугалим:
Күндүз кечке балдар менен,
Балдар менен аралаш.
Кээде эне, кээде бала катарлаш,
Бир жыл кантип өткөндүгүн,
Билбей калдым, замандаш!
Куттуу болсун майрамыңар бүгүнкү,
Силерсиңер келечектин үмүтү,
Мыкты окуп, терең билим алгыла!
Мекениңе тийип эмгек үзүрү.

КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

Окуучу бала:
Эң биринчи тамга таанып китептен,
Муунду кошуп окуганды билгизген.
Келечектин пайдубалын курууда,
Эң алгачкы кирпичим сен, Алиппем!

КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

Окуучу кыз:
Алиппемден так сүйлөөнү үйрөндүм,
Сүрөттөрдөн сүйлөм түзүп түрлөдүм.
Колум көнүп сулуу жазып калганда,
Чоң апама жаздым каттын түрлөрүн.

КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

Окуучу бала:
Ааламды мен сен аркылуу тааныдым,
Ажырагыс бир бөлүгү жанымдын.
Өмүр бою жардам берет бул билим,
Өз өлкөмө кошом сөзсүз салымым!

КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

Окуучу кыз:
Тамга таанып кыдырып көп жерди,
Эми Алиппе коштошуучу күн келди.
Алгач сенден сабатсыздык жоюлуп,
Даңгыр жолго салып келдиң бүт элди.

КОШ БОЛ, АЛИППЕ! (ТАРБИЯЛЫК СААТ, 1-КЛАСС)

Окуучу бала:
Азыркы шарт, бул кырдаалга жараша,
Аралыктан окуу болду тараза.
Алган билим, ар тамганын сырларын,
Тартуулайлы, баарына!

(Андан ары 1″в» классынын окуучулары Алиппедеги ар бир тамганын сырларын айтып беришти).

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер