КОРРУПЦИЯНЫ КАБАРЛАГАНДАР ҮЧҮН КОРГОО ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛҮШҮ МҮМКҮН
- 07.08.2026
- 0
Кыргызстанда коррупциялык укук бузуулар тууралуу маалымат берген жарандарды мамлекеттик деңгээлде коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоор коррупция тууралуу кабарлаган адамдарды куугунтуктоодон, басмырлоодон жана башка терс кесепеттерден коргоону көздөйт.
Документке ылайык, билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн ички жана тышкы корголгон каналдар, ошондой эле бирдиктүү электрондук портал түзүлөт. Жарандар кайрылуусунун кароо жүрүшүнө көз салып, жыйынтыгы тууралуу маалымат ала алышат.
Мыйзам долбоорунда коррупция тууралуу маалымат берген адамдардын өздүгүн жашыруун сактоо, аларга карата кысым көрсөтүүгө, жумуштан мыйзамсыз бошотууга жана башка куугунтуктоого тыюу салуу каралган. Зарыл учурда укуктук, психологиялык жана коопсуздук чаралары көрсөтүлөт.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам коррупциялык кылмыштарды аныктоону күчөтүп, мамлекеттик органдарга болгон коомдук ишенимди арттырууга багытталган.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер