КОРРУПЦИЯ: ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК БЕКЕМДЕЛДИ
- 13.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык Ишкердик Кеңеши коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жарандык коомдун уюмдары менен кызматташтыкты бекемдеди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата Мамлекеттик стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекет менен жарандык коомдун системалуу өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле Стратегияда каралган коомдук катышуунун механизмдерин практикалык жактан ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Катышуучулар биргелешкен иштин багыттарын, анын ичинде көз карандысыз коомдук мониторинг жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди изилдөө жана баалоо, альтернативдүү аналитикалык отчетторду жана серептерди даярдоо, ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна көз карандысыз коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди коомдук-эксперттик изилдөө, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун уландысында АДС ПКР менен жарандык коомдун төрт уюмунун ортосунда Кызматташуу жөнүндө Меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү.
Меморандумдар төмөнкү өкүлдөр менен түзүлдү:
- Ибрагимов Самат — «Мыйзам Тартип Талап» коомдук бирикмеси;
- Карбеков Нурлан — «Адилеттүүлүк командасы агенттиги»;
- Сейталиев Айдар — «Башкы Элдик Көзөмөл»;
- Уулкан Байгубатова — «Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин» төрайымы.
Меморандумдарды түзүү АДС ПКР менен жарандык коомдун ортосунда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү калыптандырууга жана коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндө биргелешкен иштин практикалык механизмин түзүүгө багытталган.
Аземдин жүрүшүндө коомдук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө жана мыйзамдуулук, жоопкерчилик жана коррупцияга карата сабырсыздык принциптерин илгерилетүүгө салым кошкон адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Башкы катчысы Н.Муканова сыйлыктары тапшырды.
Сыйлыктарды тапшыруу коомдук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана коррупцияга каршы баалуулуктарды илгерилетүүгө кошкон салым үчүн ыраазычылык билдирүүнүн бир көрүнүшү болду.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер