КОРОНАВИРУСТУН КЕСЕПЕТИНЕН АТА МЕКЕНДИК ЭКОНОМИКА ЖОГОТУУГА УЧУРАЙТ. БИРОК БИЗ ҮЧҮН КАЛКТЫН ДЕН СООЛУГУ МААНИЛҮҮ

  • 13.03.2020
  • 0

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген чектөөгө байланыштуу ата мекендик экономика жоготууга учурайт. Бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки Республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдирди.

 «Биз коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алдык. Эки Республикалык штаб түзүлдү: коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана  жайылышына жол бербөө боюнча. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге жаткырылууда. Бул бардык өлкөлөрдө кабыл алынган атайын чара», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4% түзөт. 2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4% түзгөн. Негизинен бул өндүрүш үчүн сырьелук база. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз. Мында биздин кемчилдиктерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду», — деп Премьер-министр, калкка кайрылды — «Өкмөт өз элин коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Жарандар бул чараларга жана убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылуусу зарыл. Коронавирустан сактануу боюнча мамлекеттик саясатты колдоо кажет».

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин инфекцияны жуктуруу тобокелдиги бар чет өлкөлөргө болуучу бардык иш сапарларын токтотууну тапшырды. Чет мамлекеттерге сапарлар мамлекеттин маанилүү иш-чаралары боюнча гана жана эпидемиологиялык кырдаал дурус өлкөлөргө гана жасалууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер