КОРОНАВИРУСТАН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?

  • 10.02.2020
  • 0

Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы №10 мектепте өткөн жумада дүйнө жүзүн бейпайга салып жаткан коронавирустан кантип сактануу керектигине арналган иш-чара уюштурулду. Түп райондук билим берүү бөлүмү мектеп администрациясы менен биргеликте өткөрүп жаткан бул иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар ал вирус жөнүндө кеңири маалымат алышты.

М.Элебаев атындагы мектептин 4-“в”-классынын мугалими Айнура Ашированын айтымында, мектептеги ден соолук бурчуна профилактикалык иштерди кандайча өткөрүү керек, гигиенаны кантип сактоо керек ж.б. темаларда класстык бурчтар уюштурулуп, балдардын күчү менен дубал газеталар даярдалган.

— Биз айрыкча башталгыч классынын окуучуларына өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Себеби алар али кичине, улуулардын кийлигишүүсүнө, кеп-кеңешине көбүрөөк муктаж болушууда. Биз аларга жер-жемиштерди таза жууп жегиле, эл көп чогулган жерлерден оолак болгула, беткап тагынып жүргүлө деген сыяктуу кеп-кеңештерибизди айтып, жалпы эле ден соолукту сактоого, иммунитетти бекемдөөгө арналган тарбиялык сааттарды жумасына эки жолудан өтүп жатабыз,-дейт А.Аширова.

КОРОНАВИРУСТАН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы №10 мектепте ушул жумада ден соолук темасына арналып өтө турган иш-чаралар балдар эмнени үйрөнүшкөнүн, ден соолукту сактоо боюнча кандай чараларды көрүп жатышканын билүүгө, б.а. кайтарым байланышты бекемдөөгө арналмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер