КОРНЕЛЛГЕ ӨТКӨН АЛИХАН: МАКСАТКА КАРАЙ ТЫНЫМСЫЗ ЖОЛ
- 25.06.2026
- 0
АКШдагы эң абройлуу окуу жайлардын бири саналган Корнелл университетине кабыл алынган оштук Алихан Абдыкаимов дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине жол ачкан кыргызстандык жаштардын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болду. Жөнөкөй үй-бүлөдө чоңоюп, технологияга болгон кызыгуусун талыкпас эмгек менен айкалыштырган жаш талант бүгүн дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин биринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Корнелл университети анын академиялык жетишкендиктерин жана инженердик жөндөмдөрүн жогору баалап, төрт жылдык окуусу үчүн болжол менен 425 миң доллар өлчөмүндөгү толук грант бөлгөн. Бул окуу жайга кабыл алынганы тууралуу кабарды Алихан Жапонияда окуп жүргөндө алган.
– Дароо ата-энеме чалгам. Бирок Кыргызстанда таң эрте болгондуктан, алар телефонду албай коюшту. Анан эжеме чалып, экөөбүз ата-энемди ойготуп, сүйүнчүлүү кабарды тең бөлүштүк, – деп эскерет ал.
Алихан Ош шаарында төрөлүп-өскөн. Беш бир туугандын бири. Апасы Ош мамлекеттик университетинде англис тилинен сабак берет, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент. Анын айтымында, билимге болгон кызыгуу үй-бүлөдөн башталган.
– Апам кичинекей кезимден бери китеп окууга, билимге умтулууга шыктандырып келди. Ата-энем дайыма колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылышты, – дейт ал.
Чет өлкөдө окуу тууралуу кыялын Алихан сегизинчи класста эле аныктаган. Бирок ал кезде дүйнөнүн эң мыкты университеттерине өтөм деп ойлогон эмес. Болгону өзүн технология жана инженерия тармагында көрүп, ошол багытта өнүгүүнү көздөгөн.

Технологияга болгон кызыгуу чоң максаттарга жетеледи
Алихандын технологияга болгон кызыгуусу өтө эрте ойгонгон. Ал бешинчи класстан тартып сайттарды жасап, жөнөкөй оюндарды түзүп көргөн. Алгачкы компьютерин өзү чогулткан. Кийин программалоо, киберкоопсуздук, 3D анимация, видео монтаж, дрондор жана 3D моделдөө сыяктуу багыттарды өз алдынча өздөштүрө баштаган.
Бул жолго түшүүсүнө Ош шаарында БУУнун Өнүктүрүү программасы жана жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган IT-хакатон чоң түрткү берген. Ал жерде Алихан эң жаш катышуучулардын бири болгон.
– Ошондо технологиянын мүмкүнчүлүктөрү мени абдан кызыктырды. Ошол күндөн тартып бул тармакты терең өздөштүрүүгө аракет кыла баштадым, – дейт ал.
Анын жашоосундагы эң маанилүү бурулуштардын бири Купуев академиясына кабыл алынышы болгон. Академиянын директору Аселия Пирматовна анын жөндөмүн байкап, окууга 100 пайыздык грант берген.
– Бир адамдын өз убагында мага ишенгени жашоомду өзгөрттү. Ошол ишенимди актоо үчүн өзүмө көбүрөөк талап коюп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылдым, – дейт Алихан.
Мектепте окуп жүргөндө ал достору менен бирге KTB (Kupuev Technology and Business) клубун негиздеген. Алар кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, балдар үйлөрүнө жардам берүү үчүн каражат чогултушкан. Ош шаарында баскетбол турнирлерин, веложарыштарды жана англис тили боюнча олимпиадаларды өткөрүшкөн.
– Ошто өсүп жатып, кызыктуу технологиялык иш-чаралардын көбү Бишкекте өтөрүн көрчүмүн. Биздин шаардагы балдар үчүн да ошондой мүмкүнчүлүктөр болушун кааладым, – дейт ал.

Жапониядагы билим жана дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктер
Алихан кийин Жапониядагы дүйнөнүн 83 өлкөсүнөн келген окуучулар билим алган United World College ISAK Japan эл аралык мектебинде окууга мүмкүнчүлүк алган биринчи кыргызстандык окуучу болуп калды. Ал жакта International Baccalaureate (IB) программасы боюнча билим алган.
Бирок бул жылдар оңой болгон эмес. Сабактарды, долбоорлорду жана коомдук иштерди айкалыштыруу үчүн көп эмгек талап кылынган.
– Кээде экзамендерге даярдануу үчүн түнү менен уктабай калчумун. Окуу менен долбоорлорду тең алып кетүү абдан кыйын болду. Бирок дал ошол мезгил мага убакытты туура пайдаланууну жана максатка жетүүнү үйрөттү, – дейт ал.
Жапонияда жүргөндө ал физика боюнча илимий изилдөөлөргө катышып, суу астындагы турбиналардын канаттарынын формасын өзгөртүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоор иштеп чыккан. Изилдөөнүн жыйынтыгында анын эмгеги пайдалуу модель катары патенттелген. Кийинчерээк ал «Электр энергиясын өндүрүүгө арналган суу астындагы турбинанын пропеллери» аттуу ойлоп табуусу үчүн Кыргыз Республикасынын патентин алган.
Алихандын жетишкендиктери муну менен эле чектелбейт. Ал NASA Space Apps Japan хакатонунда жеңишке жетишкен командада болуп, шаардык инфраструктураны оптималдаштырууга багытталган долбоор менен 9900дөн ашык команданын арасынан биринчи орунду камсыздаган.
Ошондой эле дүйнөдөгү эң күчтүү жаш программисттердин катарына кирип, GitHub компаниясынын штаб-квартирасында өткөн жабык форматтагы эл аралык хакатондорго катышууга чакыруу алган. Жасалма интеллект тармагындагы эл аралык долбоорлорго катышып, LightRAG жана Cloudflare платформаларынын интеграциясын иштеп чыгууга салым кошкон. Бул чечим дүйнө жүзүндөгү компанияларга татаал нейрондук тармактарды кымбат серверлерсиз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген.
Мектеп кезинде эле ал өлкөнүн эң мыкты математиктеринин катарына кирип, 17 миң катышуучунун арасынан ТОП-20га кирген. BalaTech сынагында күмүш медаль утуп, Британиянын престиждүү физика олимпиадасында дүйнөдөгү эң мыкты катышуучулардын алдыңкы 25 пайызынын катарына кошулган.

Корнеллге карай жол
Корнелл университетинде Алихан электр жана компьютердик инженерия адистиги боюнча билим алууну көздөйт.
– Программалоо менен физикалык дүйнөнүн кесилишиндеги технологиялар мага абдан кызык. Код жазып, анан ошол код өзүң жасаган түзүлүштү иштетип жатканын көрүү өзгөчө сезим тартуулайт, – дейт ал.
Бул кесипти тандоосуна бала кезинен күбө болуп келген көйгөйлөр да таасир эткен. Ош шаарында электр энергиясынын тез-тез өчүшү аны ойлондурчу.
– Электр жарыгы жок болгондо окуй албайсың, иштей албайсың. Ошондуктан келечекте энергияны натыйжалуу өндүрүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгүм келет, – дейт ал.
Чет өлкөдө жүргөнүнө карабастан, Алихан мекени менен байланышын үзгөн эмес. Ал негиздеген ETK (Engagement of Teenagers in Kyrgyzstan) жана KTB демилгелери аркылуу жүздөгөн мектеп окуучулары STEM багытындагы билимге жеткиликтүү болушкан. Ал тургай Жапониядан албаниялык досу менен бирге англис тилиндеги физика жана химия китептерин алып келип, Оштогу окуучулар үчүн атайын воркшоп өткөргөн.
Анын пикиринде, кыргызстандык окуучулар чет өлкөлүк жаштардан кем калышпайт.
– Биздин балдар менен чет өлкөлүк студенттердин интеллектуалдык айырмасы жок. Айырма мүмкүнчүлүктөрдө гана. Бизде талант да, өжөрлүк да жетиштүү. Болгону аракет кылуудан коркпош керек, – дейт ал.
Жаш жигиттин эң чоң максаты – дүйнөлүк деңгээлдеги билим алып, кийин аны Кыргызстанга жумшоо.
– Мен сөзсүз мекениме кайтып келгим келет. Алгач тажрыйба топтоп, байланыштарды түзүп, андан кийин алардын баарын Кыргызстан үчүн пайдаланууну каалайм. Кандай долбоор менен алектенерим азырынча белгисиз, бирок өлкөмдүн өнүгүшүнө өз салымымды кошорумду так билем, – дейт Алихан.
Чет өлкөдөгү университеттерге тапшырууну кыялданган жаштарга болсо бир гана кеңеш берет:
– «Толук даяр болгондо баштайм» деп күтпөгүлө. Эч ким өзүн толук даяр сезбейт. Эң башкысы – биринчи кадамды жасоо. Айылдан же чакан шаардан чыкканыңар, үй-бүлөңөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону силердин келечегиңерди аныктабайт. Ар дайым аракет кылып, өзүңөргө ишенгиле.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»






















Комментарийлер