«КОРКПО, ТОКТО, ЖАША»

  • 08.12.2022
  • 0

«КОРКПО, ТОКТО, ЖАША»

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген аталышта жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жарыяланган «КОРКПО, ТОКТО, ЖАША» деген  өнөктүктүн алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин адистери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Жолугушууда алгач  ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев сөзгө чыгып, өлкөбүздө  жүз берип жаткан зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, аларды алдын алууга, жоюуга болгон иш-аракеттерге токтолушту. Ошондой эле ИИМдин алдындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу, милициянын майору Лилия Хафизова, Эрдем мечитинин баш имам хатиби Мунарбек Акматов, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зулпукар уулу Чыңгыз, ОшМПУнун “Психо-диагностика” борборунун башчысы Мавлюда Ысакова аталган теманын алкагында өз тармактары боюнча баяндамаларын жасашып, таасирдүү видео-тасмалар көрсөтүлдү.

Иш-чара суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолуп, студенттер бир нече орчундуу пикирлерин ортого салышты.  Жыйынтыгында адистер жана жетекчилик ар бир суроого жоопторун беришип, мындан ары да бул сыяктуу өнөктүктөр тынымсыз уюштурулаарын белгилешти.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер