КОРГОО ОРДЕРИ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН САКТАЙТ

  • 10.04.2020
  • 0

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту чектөө максатында Коргоо ордери процедурасы киргизилип жатат.

Коргоо ордери кимдерге берилет? Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-апрелинде кабыл алынган «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга, кары-картаңдарга жана балдарга берилет.

Коргоо ордери — бул ички иштер органдары тарабынан берилүүчү мамлекеттик документ. 14 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн үй-бүлөдөгү жашоо укуктарын коргоо ордерине ылайык оциалдык өнүктүрүү уюмунун өкүлү жүргүзөт.

Коргоо ордеринде каралган шарттар бузулган учурда зомбулук жасаган адамга карата жогорудагы мыйзамда каралган таасир этүү чаралары көрүлөт.

Бул маанилүү документ менен социалдык өнүктүрүу жана ички иштер органдары менен тыгыз иш алып барган соцпедагогдор дыкат таанышып чыгууга тийиш.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер