«КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ – БОРБОРДУК АЗИЯ»: Г.ИСАМАТОВА СЕУЛДА ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ СУНУШТАДЫ

  • 18.09.2026

2026-жылдын 14-сентябрында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова «Корея – Борбордук Азия: жасалма интеллект, илим жана келечектин технологиялары жаатындагы өнөктөштүк» темасындагы биринчи министрлер жолугушуусуна катышты. Иш-чаранын алкагында Корея тарап жаңы өнөктөштүк демилгеси менен тааныштырып, ЖИ жана илимий-технологиялык кызматташууну өнүктүрүүгө арналган сессиялар өттү. «КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ – БОРБОРДУК АЗИЯ»: Г.ИСАМАТОВА СЕУЛДА ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ СУНУШТАДЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө министр жасалма интеллектти коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонуу, адам капиталын өнүктүрүү, ошондой эле практикалык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгына токтолду. Кыргыз тарап тармакты жөнгө салуу, санариптик кадрларды даярдоо жана пилоттук долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатында жасалма интеллект боюнча региондук платформа түзүүнү сунуштады. «КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ – БОРБОРДУК АЗИЯ»: Г.ИСАМАТОВА СЕУЛДА ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ СУНУШТАДЫ

Ошондой эле, илим жана технология багытында биргелешкен изилдөө консорциумдарын түзүү, окумуштуулар менен тажрыйба алмашууну кеңейтүү, лабораторияларды, заманбап жабдууларды жана илимий маалыматтарды биргелешип пайдалануу демилгеси көтөрүлдү. Технологияларды коммерциялаштырууга, трансферттөөгө жана жаңы пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүгө өзгөчө басым жасалды. «КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ – БОРБОРДУК АЗИЯ»: Г.ИСАМАТОВА СЕУЛДА ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ СУНУШТАДЫ

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташып, жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатында «Корея Республикасы – Борбордук Азия» кызматташтыгы боюнча биргелешкен демилгени расмий түрдө кабыл алышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү