КОРЕЙ ТААНУУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ СТУДЕНТТИК КОНФЕРЕНЦИЯ  

  • 15.12.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери Борбордук Азиядагы корей таануу боюнча студенттердин биринчи илимий конференциясына илимий баяндамалар менен катышышты.

КОРЕЙ ТААНУУ БОЮНЧА АЛГАЧКЫ СТУДЕНТТИК КОНФЕРЕНЦИЯ  

Корей таануу боюнча өтүп жаткан алгачкы студенттик илимий конференция Кыргызстандагы Кореянын элчилигинин колдоосу менен өттү. Ага Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин, Борбордук Азиядагы Корей институтунун, Кыргыз-Орус Славян университетинин, Дипломатиялык академиянын, Ош мамлекеттик университетинин студенттери, о.э. онлайн форматта Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин, Аблай хан атындагы Казак эл аралык университетинин студенттеринен куралган топтор илимий баяндамаларды окушту. Жыйынтыгында, мыкты баяндама менен катышкандыгы үчүн  топту жетектеп барган илимий жетекчилерге Кореянын элчилигинин атынан Ыраазычылык баракчалары, илимий баяндама жасаган студенттерден куралган ар бир топко акчалай сыйлык жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Андан тышкары, мыкты баяндамачы катары 17 команданын ичинен КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери Акылбекова Б., Тураева К., Кутманова А., Эсенбекова М. элчиликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер