КООПСУЗДУКТУ 10 МИҢ КЫЗМАТКЕР КОРГОЙТ

  • 28.12.2023
  • 0

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жыл жана майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык тизимине катышкан учурда билдирди.

МинКаб Төрагасы узап бара жаткан жылда республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эбегейсиз зор иштер жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

“Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлерге төш-камералары берилди. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди, жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет”, — деди Акылбек Жапаров.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып жатып Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын оңой эмес кызматы үчүн ыраазычылык билдирүү менен бирге келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер