КООПСУЗДУК: КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕР
- 17.08.2026
- 0
Окуучулар арасындагы зомбулуктун алдын алуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ата-эне, мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты жакшыртуу багытында бир катар жаңы демилгелер ишке ашырылууда.

Зомбулук фактылары тууралуу билдирүү үчүн мурда колдонулган анонимдүү кутучалар санариптештирилип, электрондук күндөлүккө «Коркпо. Билдир» функциясы киргизилди.
— Жаңы окуу жылынан тартып өлкө боюнча 500 мектепте шахмат ийримдери ачылат. Ошондой эле ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосундагы байланышты чыңдоо максатында «Манас-код» оюну иштелип чыкты. Ал эми жаңы окуу жылынан тартып ар бир мектепте психолог үчүн штаттык бирдик ачылат, — дейт Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков.

Баса, 21–22-август күндөрү Бишкек шаарында өтчү Улуттук педагогикалык форумда окуучулардын коопсуздугу, тарбиясы, психологиялык колдоосу жана кошумча билим берүү багыты боюнча кызыктырган суроолорго адистер форумдун алкагында жооп беришет.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер