КООПСУЗ ЖАШООГО ҮНДӨГӨН КОҢГУРОО

  • 28.04.2025
  • 0

Жалал-Абад облусунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында ар кандай терс жоруктардын алдын алуу, кылмыштуулукту, укук бузууларды  болтурбоо максатында Жалал-Абад ОИИБ тарабынан сунушталган «Жаңы муун — жаркын келечек, Таза муун — коопсуз келечек» деген темада форум өттү.

Акыркы убактарда өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, алар жабыркаган жагымсыз окуялар байма-бай тарап, элдин тынчын алууда. Мындай окуяларга маани бербей отуруу атуулдук парз эмес деп түшүнгөн аксылыктар жаштарга таалим-тарбия берүүдө таасирдүү, таанымал адамдарды, т.а. коомдо кадыр-барктуу жана ийгиликке жетишкен инсандар менен жаштардын жолугушууларын уюштурууда.

Кербен шаарындагы А.Алымов атындагы маданият сарайында болуп өткөн форумга катышкан Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек Абдыкалыков ыймандуу болуу, тартипти сактоо жөнүндө таалим сабактары менен бөлүштү. КР Эмгек сиңирген мугалими, Кыргызстан Улуттук Кыздар Федерациясынын “Ардактуу насаатчысы”, “Кыргыз Республикасынын Аялдар комитети” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусунун Аксы райондук комитетинин төрайымы Уулжан Жанузакова форумдун катышуучуларына заманбап билим алып, өнөр үйрөнүү, жаратман, интеллектуалдуу жана сылык, эмгекчил адам болууга насаат кептерин айтып өттү.

Ал эми спорттун кикбоксинг түрү боюнча дүйнө чемпиону Улан Касымбеков, алыш күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Мадамбек Акишев келечек муундарды таланттуу болууга үндөө менен татыктуу жашоого мотивация берген кеп-кеңештерин айтып, ыр десте  тартуулашты.

Аталган форумга М.Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Нурманбетов жетектеген билим берүү чөйрөсүнүн жамааты, таланттуу окуучулар, төбөсү көрүнгөн инсандар, Кербен шаардык кеңешинин депутаттары катышты. Иш-чара өнөрлүү окуучулардын шаңдуу ыр-күүлөрү менен коштолду. Айрыкча №17 М.Сыдыков атындагы мектептин окуучуларынын актёрдук образдары көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жетип, көзүнө жаш алдырган көйгөйлүү окуяларды чагылдырган сахналык көрүнүшү менен эсте калды.

Райондогу №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин мугалими Каныбек Куккозов жетектеген жол кыймылынын жаш инспекторлору да спорт жана жол эрежелери боюнча жүрүштөрдү көрсөтүштү.

Аягында Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов, Жалал-Абад ОИИБ башчысынын орун басары, милициянын полковниги Кайрат Дакеев, Аксы РИИБ башчысынын орун басары, милициянын полковниги Замирбек Райымкулов позитивдүү сөздөрүн арнап, келечек муундарга жакшылык каалап, форумга активдүү катышкан таланттуу окуучуларды Ардак грамота менен сыйлашты.

Х. КОЧКОРОВА,

М.Абылкасымов атындагы Аксы районундагы

М.Шатманов атындагы №28 мектептин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер