КООМДУК ЖАЙЛАРДА ЖАНА УНААЛАРДА БЕТКАП ТАГЫНБАГАНДАРГА ЧАРА КӨРҮЛӨТ

  • 25.05.2020
  • 0

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлордо жана коомдук унааларда беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Кубатбек Боронов соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы келген кардарлардын беткап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусу боюнча жоопкерчилигин күчөтүү керектигин өзгөчө белгиледи.

«Бүгүн, 25-майдан тарта экономиканын бир катар тармактарынын ишмердүүлүгү жанданып, шаар ичиндеги коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш.  Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу, ал эми тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Штабдын жыйында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.

Отурумдун жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу, Республикалык штаб тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам  аткаруу, сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер