КООМДУК ИШМЕР ШАКЕЕВ АСКАРДЫН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КӨҢҮЛ АЙТУУ

  • 29.06.2026
  • 0

Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын эмгек жамааты академиянын ректору, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Асановна Шакееванын бир тууган агасы коомдук ишмер

КООМДУК ИШМЕР ШАКЕЕВ АСКАРДЫН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ КӨҢҮЛ АЙТУУ

ШАКЕЕВ АСКАР АСАНОВИЧТИН

дүйнөдөн мезгилсиз өткөнүнө байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Шакеев Аскар Асанович 1951-жылдын 22-апрелинде Тамга айылында туулган. Тамга орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, Россияда Воронеж мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде билим алган. Алгачкы эмгек жолун 1973-жылы ТАССтын (Советтер Союзунун телеграм агенттиги) Кыргызстандагы кабарчысы болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин бир нече мамлекеттик газета-журналдарда, партиялык жогорку кызматтарда эмгектенген. Ал Аксы райондук партиялык комитетинде бөлүм башчы, Ысык-Көл облустук партиялык комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматтарында үзүрлүү иштеп, Кыргызстанга эмгеги сиңген белгилүү инсандарыбыз Абсамат Масалиев, Ходченко ж.б. менен үзөңгүлөш, ийиндеш иштеп келген. Кыргызстандын эгемен жылдарынын башында “Тамга” санаторийинде начальниктин орун басары болуп көп жыл үзүрлүү иштеп, айрыкча, Тамга айылынын өнүгүүсүнө көп эмгек сиңирген.

Шакеев Аскар Асанович өз ишине жоопкерчиликтүү так мамиле жасагандыгы, тазалыгы, бийик адамгерчилиги менен айырмаланган адам катары бирге иштеген кесиптештеринин, замандаштарынын жана жалпы эле жакын туугандарынын эсинде сакталып кала берет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер