КООМДУК ФОНДДОРГО ИШЕНИМДИ БЕКЕМДӨӨ КЕРЕК

  • 27.11.2017
  • 0

Мектептердин алдындагы коомдук фонддордо ата-энелер тарабынан чогулган акча каражатын 1200 сомдон ашырбоо маселеси 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде көтөрүлүп, эл өкүлдөрү анын мыйзамдуу жолдорун карап чыгып, так сунуш берүү милдетин Билим берүү жана илим министрлигине тапшырды.

КООМДУК  ФОНДДОРГО ИШЕНИМДИ БЕКЕМДӨӨ  КЕРЕК

Министрликте жумушчу топ түзүлөт

Бул маселени мыйзам чегинде чечүүнүн жолдорун карап чыгуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ түзүлө турган болду. Бул топ эки айдын ичинде коомдук фонддордо чогулган акча каражаттарынын сарпталышын жана анын көзөмөлдөнүшүн, мектептин муктаждыктарын жана мыйзамдуулугун иликтеп чыгып, маселени чечүүнүн бир канча варианттарын комитетке сунушташы керек. Бирок мыйзам боюнча мектептердин алдындагы коомдук фонддордун ишине Билим берүү жана илим министрлиги кийлигише албайт. Анткени бул фонддор КРнын “Мамлекеттик эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иш алып барышат жана мыйзамга ылайык алардын ишине укук коргоо органдарынан башка эч ким кийлигише албайт. Ошондуктан буга министрликтин кийлигишүүсү ар кандай талаш-тартыш маселелерди жаратышы мүмкүн.  Негизинен коомдук фонддор Бишкек, Ош жана Каракол сыяктуу шаарлардагы мектептерде түзүлгөн. Бул фонддордо ай сайын бир окуучудан 200 сомдон 500 сомго чейин чогултулат. Бишкекте бул сумманы 800 сомго чейин жеткирип жиберген мектептер дагы бар.

 

Мектептерге ата-энелердин жардамы керек

Мамлекет жыл сайын республикалык бюджеттин 24% билим берүү тармагына жумшап жаткандыгын жана Орто Азия боюнча билим берүү тармагына мынчалык көп каражат жумшаган мамлекет жок экендигин мамлекет башчысы дайыма айтып келет.  Бирок бул бөлүнгөн каражаттын 72% мугалимдердин эмгек акысына жумшалат, калган бөлүгү мектепти толук каржылоого жетпейт. Мектептин каржылык керектөөсүнүн кем-карчын ата-энелердин жыйнаган каражатынын эсебинен жабышат. Мектеп өзү ата-энелерден түздөн түз каражат чогултканга мыйзамдык укугу жок. Ата-энелердин мектепке каржылык көмөгү коомдук фонддор аркылуу ишке ашырылат.

 

Коомдук фонддун мектепке жардамы чоң

Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында ата-энелер коомчулугу тарабынан «Билим тиреги» аттуу коомдук фонд түзүлгөн. Уставга ылайык, фондго ата-энелер өз каалоолору менен мүчө боло алышат жана атайын эсепке өз ыктыяры менен акча салышат. Фондго түшкөн каражаттын эсебинен бир канча жылдан бери мектептин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, эмеректер менен жабдылып, күнүмдүк каражаттар алынып, кыскасы, мектептин көптөгөн кем-карчылары ушул фонд аркылуу толукталып келет. — Мектептерге акы төлөнүүчү кошумча билим берүү киргизилгенге чейин мектептин күнүмдүк керектөөсүнөн баштап компьютер, интерактивдүү доска, проектор, эмеректерине чейин фонддун эсебинен каржыланчу. Азыр болсо мугалимдердин эмгек акысына кошумча акы төлөп берүүгө басым жасап жатабыз, — дейт фонддун эсепчиси Бермет Рыспаева.        Акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматы киргизилгенден баштап мектеп жетекчилигинин сунушу менен коомдук фонддун акчасын 250 сомго түшүрүшкөн. Анын 50 сому дароо эле класстардын ремонтуна калтырылып, калган 200 сом мектептин башка керектөөлөрүнө жумшалат. Жарым жетим же томолой жетим балдары бар, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бошотулат. Мисалы, мектепте жалпы 2679 окуучу окуса, анын 256 жүз пайызга, 282 элүү пайызга бошотулган. Бир класста 7-8 окуучуга чейин бошотулгандар дагы бар. Мисалы, 8-в класста болгону 28 окуучу бар болсо, анын сегизи 100%, экөө 50% бошотулган. Ошондо орточо эсеп менен фонддо бир айда төрт жүз миң сомдун тегерегиндеги каражат топтолот. Анын жарымынан көбү мугалимдердин жана техникалык кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөөгө кетсе, чарба чыгымдары үчүн дагы бир топ акча сарпталат. Салыкка жана соцфондго дагы тийиштүү сумма төлөнөт. Бир айда  топтолгон акчанын сарпталышы тууралуу толук маалыматты төмөндөгү таблицадан көрүүгө болот.

 

Мугалимдерге кошумча эмгек акы

Жогоруда айтылгандай, мурда коомдук фонддо чогулган каражаттын чоң бөлүгү  мектептин техникалык базасын чыңдоого жумшалса, азыр ата-энелердин сунушу менен ал акчалар мугалимдердин эмгек акысына кошулуп берилүүдө. — Азыр класс жетекчилерге  ай сайын 1000 сомдон кошумча төлөп беребиз. Себеби кошумча билимден бардык мугалимдер эмгек акы ала алышпайт. Ал эми класс жетекчилердин жумушу аябай оор, бирок маянасы аз. Ошондуктан фонддун эсебинен алардын эмгек акысына кошуп берелик деп ата-энелер өздөрү демилге көтөрүп чыгышкан. Мектепте бардыгы 82 класс комплект бар. Бирок анын соцфондго жана киреше салыгы кармалгандан кийин колуна 810 сому гана тиет. Андан сырткары штаттык жадыбалда жок адистердин эмгек акысын толугу менен фонд төлөйт. Психолог менен соцпедагогдун ставкасы бир эле, бирок алардын жумушу абдан көп болгондуктан, эки имараттын ортосунда чуркап иштешет. Аларга дагы ата-энелердин чечими менен эмгек акысына кошуп берип жатабыз. Быйылтан баштап техникалык кызматкерлердин эмгек акысына 2000 сомдон кошо баштадык. Бирок булар фонддун уставына кирбей калгандыктан, сый акча катары төлөнүп жатат. Республикалык олимпиададан окуучусу ийгиликке жетишкен мугалимдерге дагы бир жыл бою 1000 сомдон сый акча катары төлөп беребиз. Учурда бир мугалим алып жатат, — дейт эсепчи.

 

№69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын коомдук фондунда бир айда топтолгон акча каражатынын сарпталышы (болжолдуу түрдө).

 

Акча каражатынын сарпталышысом
1.Класс жетекчилерге, мугалимдерге, медициналык кызматкерлерге, системдик администраторлорго, психологдорго, китепканачыларга кошумча эмгек акы жана сыйлык төлөөгө, видео камеранын техникаларын тейлеген техникке, коомдун кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн225000
2.Социалдык төлөмдөр жана салыктар39200
3.Күзөт кызматкерлеринин эмгек акысы45000
4.Компьютердик техникаларды оңдоого жана картридждерди толтурууга, интернет кызматына12000
5.Транспорт чыгымдарына, анын ичинде мектептин ичиндеги күнүмдүк иштерди бүтүрүү үчүн2000
6.Мектептин күнүмдүк ремонт иштерине кеткен чыгымдар20000
7.Чарба чыгымдары:

1.     Минералдык сууга

2.     Газета-журналдарга жазылууга

3.     Мектептин ичиндеги майрамдык аземдерди өткөрүүгө (алиппе майрамы, биринчи жана акыркы коңгуроо, аттестат тапшырууда залды жана фассадды кооздоо)

4.     Мектептин ичин жайкы ремонттон өткөрүүгө

5.     Канцелярдык товар

6.     Тазалоочу каражаттар

7.     Бор

8.     Медициналык каражаттар

9.     Сантехника жана электр товарлары

103800
Баардыгы447000

 

— Жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн сырткары дагы жалпы сумманын 17% салыкка төлөйбүз. Ремонт иштерине көп каражат кетет. Көп нерселер сынат, чатырдан суу тамат, кышында батареялар жарылат, компьютерлер абдан көп, алар бузулат, ушулардын бардыгын фонддогу каражаттан жасатабыз. Фонддун эсебинен мектепти интернетке туташтырып бергенбиз. Спорт зал, актовый зал, коридорлордун ремонт иштерине ай сайын 40 000 сомдон бөлүп турабыз. Жылдын аягында төрт жүз миңге жакын акча  чогулуп калат. Биздин мектеп өзүңүздөр жакшы билесиздер, эки чоң  имараттан турат. Эки имараттын тазалыгын сактоого эле бир топ каражат кетет. Ушул керектөөлөрдөн акча артып калса анан мектепти жакшыртуу үчүн эмерек алабыз. Былтыр ашып калган 70 миң сомго башталгыч мектепке  эмерек, тест борборуна роллштора алдык. Ушул эле фонддун эсебинен тест борборун толук заманбап ремонт жасап бердик. Спорттук инвентарларды дагы биз алып беребиз. Эки корпуска бир топ эле каражат кетет, — дейт Бермет Рыспаева.

 

Баш тартса болобу?

№69 мектептин директору Сайрагүл Атаеванын айтымында, ата-энелер тарабынан коомдук фонддун акчасын жогорулаталык деген сунуштар болгон. Бирок мектеп жетекчиси бул сунушту колдогон эмес. Анткени мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн кошумча билим берүүдөн түшкөн каражат  жетиштүү. Бирок ал акчаны эркин пайдалана алышпагандыктан, кайрадан эле коомдук фондго көз каранды. — Кошумча билим берүүдөн түшкөн каражаттын бир бөлүгү эркин пайдаланууга берилсе, коомдук фонддордон баш тартууга болот. Бирок, тилекке каршы, ал акчадан мектептин күнүмдүк керектөөлөрүнө пайдалана албай жатабыз. Анткени талап боюнча алына турган ар бир керектөө үчүн тендер өткөрүлүүгө тийиш. Бирок канцтоварлар, тазалоочу каражаттар сыяктуу күнүмдүк зарылдыктар үчүн тендер өткөрүү мүмкүн эмес экен. Экинчиден, тендер өткөрүү көп убакытка созулгандыктан кээде убакытты күтпөй, ыкчам бүткөрүлө турган иштер дагы болот. Мисалы, жакында эле түн ичинде менин иш бөлмөмдөгү батарея жарылып, таң атканча кабинет ысык сууга толуп калыптыр. Аны биз коомдук фонддо чогулган каражаттын эсебинен жасаттык. Мындайда качан мамлекет жасап берет деп күтүп отура берүүгө мүмкүн эмес. Ал үчүн бир топ убакыт кетет. Эгерде биз бул ишти кошумча билим берүүдөн түшкөн каражаттан жасата турган болсок сөзсүз түрдө тендер өткөрүшүбүз керек болчу. Тендер өткөнчө канча убакыт талап кылынат? Ошондуктан ушундай чукул кырдаалдарда коомдук фонддон акча сураганга мажбурбуз, — дейт Сайрагүл Атаева.

 

Фонддун ишин кантип көзөмөлдөшөт?

Коомдук фонддун ишин мектептин Камкорчулар кеңеши  көзөмөлгө алат. Талап боюнча бир жылда эки жолу бюджеттик угуулар болуп, ата-энелердин алдында отчет берилет. Мектептин биринчи кабатында атайын ата-энелер үчүн уюштурулган бурчта ай сайын чогулган акчанын суммасы жана анын сарпталышы тууралуу маалымат илинип турат. №69 мектептин Камкорчулар кеңешинин курамына 82 класстын ар биринен бирден ата-эне жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан, райондук билим берүү борборунан бирден өкүл кирген. Директор мектепте эмне муктаждык болуп жатса алдын ала Камкорчулар кеңешине кагаз түрүндө өтүнүч менен кайрылып, тийиштүү сумманы сурайт. Кеңеш дароо мүчөлөрүн чогултуп, жыйын өткөрүп, ошол сурап жаткан акча мектептин муктаждыгына керектигин аныктап туруп анан тийиштүү акчаны беришет. — Фондго түшкөн акчанын баардыгын кириштеп, сарпталган акчанын бир тыйынына чейин чыгыштап турабыз. Фонддогу бир сомдун дагы максатсыз пайдаланылышына жол бербейбиз. Анткени ата-энелер дагы бизди көзөмөлдөп турушат. Директор бизге акча сурап кайрылган сайын чукул жыйын өткөрүп турабыз. Сураган акчаны протоколдун негизинде бөлүп беребиз. Анан ал иш бүткөндөн кийин текшерүүчү комиссия менен иштин канчалык деңгээлде сапаттуу жасалгандыгын, материалдар канча сомго алынгандыгын, бөлүнгөн акчанын даректүү пайдаланылгандыгын текшерип чыгабыз. Текшерүүгө чыкканда комиссияга мүчө болбогон ата-энелерди дагы кошуп алабыз. Себеби ачыкайкындык болсун дейбиз. Ал эми комиссиянын курамын финансы жагында иштеген ата-энелер жана баласы мектепти бүтүп кеткен ата-энелер түзөт. Биздин ишибизди дагы жогорку тараптан текшерип турушат. Жакында эле Башкы прокуратурадан, Улуттук коопсуздук кызматынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан келип текшеришти. Мындай текшерүүлөргө өзүбүз деле көнүп калдык, — дейт Камкордук кеңештин төрагасы Болот Таштанов.

 

Камкорчулар кеңеши таза иштеши керек

Жогоруда №69 мектептин алдындагы коомдук фонддун иши тууралуу ачык маалымат берүүгө аракет кылдык. Бирок, тилекке каршы, бардык эле мектептердин фонддору ачык-айкын иштебеши мүмкүн. Коомчулукта да Камкорчулар кеңешине мектептин директорунун жакындары кирип алып, акчаны өздөрү каалагандай сарптап жатышат деген пикирлер ачык айтылып жүрөт. Ал тургай мындай мамилени ачык айтып, директордун коомдук фондго кол салып жаткандыгын фактылар менен далилдеп берем деп редакцияга кайрылгандар дагы болгон. Ушундай арыз менен былтыр Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы мектеп-гимназиянын Камкорчулар кеңешин он ай жетектеп, директордун айтканын укпай койгондугу үчүн төрагалыктан бошотулган Мукан Сыдыкбеков кайрылган. Ал мектеп жетекчисинин 2009-жылдан баштап 2016-жылга чейин төрт миллион сомдон ашуун акчаны жеп койгон деп, бир топ фактыларды таап чыккан. Биздин гезиттин кабарчысы бул тууралуу макала да жазган. Бул иштин аягы эмне менен бүткөндүгүн билүү максатында Мукан Сыдыкбековго кайрылганыбызда, ал кайсы жерге арызданбасын, канча текшерүү алып келбесин эч бир жыйынтык чыкпай келе жаткандыгын айтты. Бул тууралуу кийинки чыгарылышыбызда кенен сөз кылабыз. 2012-жылы Бишкек шаарындагы №13 мектептин жетекчиси дагы фонддун ишине байланышкан мыйзамсыз иштер боюнча айыпталып, кызматтан алынган. Башкы прокуратура мектеп директоруна иш козгоп, коомдук фондго ата-энелерден мыйзамсыз акча чогулткан жана ремонтко кеткен чыгымды эки эсе жогорулатып көрсөткөн деген тыянак чыгарган. Ушуга окшогон фактылар камкорчулар кеңештерин формалдуу гана иштеп жатат деген күмөн ойго алып келүүдө. Азыркы көтөрүлүп жаткан маселенин түйүнү дагы дал ушул жерде жатат.

 

“Кут Билим” сунуштайт

Андыктан “Кут Билим” газетасы коомдук фонддордун ишинин эффективдүү иштешин талкууга алып чыгуу идеясын көтөрүп жатып, мектептерди №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы сыяктуу гезит аркылуу ачык отчет берүүгө чакырат. Мындай ачыктык, биринчиден, ата-энелердин, коомчулуктун ишенимин арттырса, экинчиден, башка мектептердин фонддорунун таза иштешине өбөлгө болот.

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер