КООМЧУЛУКТУН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЛИДЕРЛЕРИ

  • 28.02.2023
  • 0

Билим берүү тармагына арналган долбоорлор NAMA фондунун колдоосу менен NACE KYRGYZSTAN ассоциациясы 18 өнөктөш мектепте иш алып барып, анын ичинен сегиз мектептин окутуучуларын “Коомдун лидерлери”программасы боюнча даярдаган. Мында “ДАВХА-СОКУЛУК” орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Алимбекова Нуриля окуп, билим алып, программанын негизинде 9-“Б” класстын окуучулары менен иш алып барган.

КООМЧУЛУКТУН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЛИДЕРЛЕРИ

Албетте, мектеп коомдун гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуу үчүн адамды калыптандырган, анын аң-сезимин мезгилдин өтүшү менен жогорулаткан социалдык негиздердин бири болуп саналат. Билим жана социалдык муктаждыктар 21-кылымдын жаштарынын жана эмгек рыногунун муктаждыктарына жана көндүмдөрүнө шайкеш келүү үчүн убакыттын өтүшү менен өнүгөт жана өзгөрөт. “Коомдун лидерлери” программасы жаңы мектеп программасы Кыргызстан жаштарынын муктаждыктарын канааттандыруу жана жергиликтүү эмгек рыногуна даярдоо максатында пайда болду.

 “Коомдун лидерлери” программасы уникалдуу программа, анткени ал ар кандай иш түрлөрүн интерактивдик видео жана мультимедиалык материалдарды пайдалануу менен интерактивдик окутууга багытталган. Бул салттуу программалардай теорияга же эстеп калууга таянбайт. Программа эл аралык окуу жана окутуу моделине негизделген, ал окуунун натыйжаларына жетүүнү жеңилдетүү жана ар кандай концепцияларды берүү жана коомдун баалуулуктарын үйрөтүү үчүн жергиликтүү окуучулар менен кызматташуу максатын көздөгөн аккредиттелген окуу модели. Программасында негизги төрт бөлүмдөн турган 20 семинардык сабак өтүлдү.

Катышуучулар өз долбоорлорун тандап, “Жаратылыштын тазалыгына менин кошкон салымым” деген ураандын астында жигердүү иштеп жана өз ойлорун иш жүзүндө көрсөтө алуу менен жетишкендиктерин теңтуш, мектеп мугалимдери жана окуучулар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Долбоор NACE KYRGYZSTAN ассоциациясы тарабынан каржыланып, катышуучулар таштандыларды бөлүп таштоо (пластик, кагаз) үчүн урналарды сатып алып мектеп ичине жайгаштыруунун үстүндө иштеди. Демилгечи топ И.Курманалиев, М.Базарбаев, окутуучу Н.Алимбекова жана мектеп директору М.Молдогазиеванын жетекчилиги алдында соода түйүнүнө чогуу барып: пластик үчүн кичине урнадан 25 даана, кагаз үчүн 25 даана ар бир кабинетке,  орто урнадан беш даанадан онду пластик менен кагаз үчүн коридорлорго жана чоң урнадан экини — кагаз жана пластик үчүн мектептин короосуна коюш үчүн сатып келишти. Аларды орнотуп, жайгаштыргандан кийин мектептин коллективине жана окуучуларга презентациялап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мектептин окуучулары жана мугалимдер өзгөчө демилге көтөрүп, айырмаланган Ислам Курманалиев, Ажибек Абдимананов, Абубакир Мусаев, Мухибуллах Базарбаев жана башка активдүү катышуучулардан жаңы идеяларды, пайдалуу долбоорлорду күтүшөт. Учурда долбоор иштеп жатат, мектеп окуучулары таштандынын бөлүп таштоону практика жүзүндө колдонуп, бул демилгени колдоп берүүгө даяр экендиктерин далилдеп беришүүдө.

“ДАВХА-СОКУЛУК” мектебинин жалпы жамааты NAMA фондуна, Кыргызстандагы NACE KYRGYZSTAN ассоциациясына жана жалпы ушул иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазы.

Айнура Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер