КОНЬЯ СЕЛЧУК БОРБОРУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ОШМУДА
- 04.08.2026
- 0
Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын Диянет академиясына караштуу Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунун окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине келип, академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чарага факультеттин жетекчилиги, окутуучулар, аталган борбордун жана факультеттин бүтүрүүчүлөрү катышты. Жолугушууда тараптар студенттер үчүн жаңы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, академиялык кызматташтыкты күчөтүү жана теология факультетинин бүтүрүүчүлөрүн Коньядагы жогорку диний адистештирүү борборунда окуусун улантууга кабыл алуу маселелерин карашты.
Белгилей кетсек, аталган борбордо ислам илимдеринин негизги багыттары, анын ичинде ислам укугу (фикх), тафсир, хадис, акыйда жана тереңдетилген араб тили боюнча атайын окуу программасы ишке ашырылат. Иш-чаранын соңунда эки тарап кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, байланыштарды кеңейтүүгө жана жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин баса белгилешти. Буга чейин аталган факультеттин 20 бүтүрүүчүсү Конья Селчук борборунда квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп келишкен.
А.К., «КБ»
Комментарийлер