КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКСКУРСИЯСЫ

  • 25.05.2023
  • 0

Бишкек шаарынын  Аалы Токомбаев  атындагы №24 орто мектептин окуучулары Конституциялык сотко келип, судьялар менен жолугушту.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКСКУРСИЯСЫ

Конституциялык сот тарабынан уюштурулган иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналып, жаштарды юриспруденцияга тартууга багытталган.

Окуучулар Конституциялык соттун ишине жана анын жалпы жарандардын күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасирине абдан кызыгарын билдиришти жана ар кандай суроолорду беришти. Тажрыйбалуу судьялар менен жолугушуу окуучуларга Кыргызстандын сот системасын негиздеген принциптер жана баалуулуктар жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүндүк берди.

Экскурсиянын катышуучуларынын бири  «Конституциялык сот бизге ушундай мүмкүнчүлүк бергенине кубанычтабыз. Бул адилеттик дүйнөсүнө кызыктуу саякат болду. Биз судьяларга өз тажрыйбалары менен ачык бөлүшкөнгө даярдыгы үчүн ыраазыбыз «, — деп белгиледи.

Конституциялык сот тарабынан өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар жаштарды юриспруденцияга тартуу жана коомдо укуктук маданиятты өнүктүрүү үчүн маанилүү. Алар мектеп окуучуларына Конституциянын маанисин жана анын өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү калыптандыруудагы ролун түшүнүүгө жардам берет.

Конституциялык сотко баруу жана судьялар менен жолугушуу жаштардын укуктук илимдерге болгон кызыгуусун арттырып, өлкөнүн укуктук турмушуна активдүү катышкан жарандардын жаңы муунун түзүүгө өбөлгө түзөт.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКСКУРСИЯСЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер