КОНКУРСТА КИМ ЖЕҢЕТ?
- 04.10.2023
- 0
Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими-2023”, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” жана “Жылдын мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими-2023” конкурстарына аймактардан алдыга чыккан мыктылардын таймашы жүрүп жатат.
5-октябрь – Мугалимдердин кесиптик майрамынын алдында жыл сайын салт катары уюштурулуп келаткан “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” конкурсуна жер-жерлерден өз кесибинде мыктылыгын көрсөткөн тогуз тарбиячы күч сынашууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, конкурска Бишкек шаарынан №11 Ак-кеме” бала бакчасынын даярдоо тайпасынын тарбиячысы Татыбүбү Мамбеткулова, Баткен облусундагы № 1 “Алтын-Бешик” бала бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиячысы Гүлмира Исакова, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы № 3 “Ай-Данек” бала бакчасынын орто тайпасынын тарбиячысы Любовь Белова, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы “Жаңыл мырза” бала бакчасынын орто тайпасынын тарбиячысы Кубанычбек кызы Наргиза, Нарын шаарындагы “Чебурашка” бала бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиячысы Кадыралы кызы Рахат, Ош облусунун Ноокат районундагы “Өрнөк үмүттөрү” бала бакчасынын орто тайпасынын тарбиячысы Назира Козубаева, Талас шаарындагы Д.Молдоярова атындагы бала бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиячысы Мээрим Орункулова, Чүй облусундагы №20 “Улыбка” бала бакчасынын орто тайпасынын тарбиячысы Мээрим Ибрагимова жана Ош шаарындагы “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова катышып жатат.
Конкурстун биринчи күнү тарбиячылар тесттен өтүп, калыстар тобунун мүчөлөрүнө презентацияларын көрсөтүштү. Алар үчүн эки күн тең жооптуу учур экенинде талаш жок. Айрыкча айлап, жылдап топтогон билимин 15-20 мүнөттө айтып берүү өтө эле кыйын экенин моюнга алуу керек. Презентацияда да, темалары алдын-ала белгиленген сабак өтүүдө да көңүл чордонунда кичинекей бөбөктөр болду. Тарбиячылар жаңыдан көргөн бөбөктөр менен тез эле ымала түзүп, “өз тилдери” менен сүйлөшүп кетеринде шек жок экенин алар өткөн сабактардан улам ынанып калдык. Анткени балдар менен жаңы таанышып, аларды сүйлөтүп, ырдатып, бийлетип жиберүүнүн да жекече сыры болсо керек. Бөбөктөрдү ойнотуп-бийлетип, калыстардын суроолоруна да тыкылдап жооп берип, оор дебей алыс-жакындан көтөрүп келген көп сандаган көргөзмө куралдарын жайып, айтор, сынактын талабына кылдат аткарышты.
Азырынча жеңиш кимге жылмаярын айтуу кыйын, андыктан окурмандардын бүйрүн кызытып, сыр сактап туралы.
Биринчи күнү өткөн тесттин соңунда эң көп упай топтогон Любовь Белова Чолпон-Ата шаарындагы №3 “Ай-Данек” бала бакчасынын тарбиячысы. Конкурска катышып жаткандардын ичинен эң жашы мен экенмин деп жылмайган Любовь Владимировна, балдарга виммельбух китептерин, Дьенештин логикалык блокторун, кюизенер таякчаларын пайдаланып сабак өтөрүн, көбү үчүн бул ыкмалар жаңы экендигин айтты.
— Мен колдонгон Виммельбух китептери айрыкча балдардын ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин өстүрүүгө, эстөө тутумун, фантазиясын өөрчүтүүгө жакшы жардамчы. Аны жылдын төрт мезгилин үйрөтүүдө колдонсо болот. Ал китептерде сөздөр дээрлик жок болгондуктан, балдар андагы сүрөттөр аркылуу толук текст түзүп, кадимкидей аңгеме жаратат. Ал сүрөттөр балдарга багыт берип, жомоктордун каармандарын, кайсы мезгил экенин китептеги сүрөттөрдүн жардамы менен сүрөттөп берип, алар менен бирге саякатташат” – дейт. Любовь Белованын кесиби педагог-психолог болгондуктанбы, калыстар мүчөлөрү презентациянын жүрүшүндө иклюзивдик, коррекциялык билим берүүгө байланышкан суроолорду көбүрөөк беришти.
Республикабыздын эң алыскы аймактарынын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жайгашкан «Жаңыл мырза” бала бакчасынын тарбиячысы Кубанычбек кызы Наргиза өзүнүн билимин өнүктүрүп, тажрыйба топтогонго мына ушундай конкурстардын жардамы чоң экенин белгиледи. Ал презентацияга электрондук жарык менен күйүп турган бала бакчаны макетин даярдап келген. Заманбап технологиялык каражаттарды колдонууга басым жасаган Наргиза, айрыкча, физминуткада балдар кыймылдуу оюндарды бир колдору менен ойносо, СТЕМ программасынын жардамы менен эки колу менен ойноп, эки колунун моторикасын өнүктүрүүгө болорун айтат. Ал үчүн электрондук китепчени колдонуу аябай пайдалуу, анткени бир эле китептин ичинде беш сабактын кошумча каражаттары бар болгондуктан, бир китептин эле жардамы менен беш сабакты өтүүгө болот.
Жеңишти эңсебеген да катышуучу болмок беле, ар бир катышуучу жеңишке жетишсем, ушунчалык ишеним артып жөнөткөн эмгек жамаатымдын, айылдаштарымдын үмүтүн актасам экен деп тилейт эмеспи. Арийне, ар бир сынакта бир гана жеңүүчү болору бышык, а бирок катышкандардын баары көптөгөн жаңы адамдар менен таанышып, баарлашып, көп нерселерди үйрөнүп, тажрыйба топтоп кетет. Республикалык деңгээлге чейин келгендер ансыз деле жеңүүчүлөр, алардын портфолиосунда ошондой жазылып калат. Ошонун өзү эле чоң жетишкендик.
Эртең эң маанилүү күн. Эртең мыктынын мыктылары аныкталып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер