Конкурс: таланттуу ашпозчулар өз өнөрлөрүн көрсөтөт

  • 15.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте мектептердин ашпозчулары үчүн конкурс жарыялады.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан конкурста ашпозчулар өздөрүнүн сырлары менен бөлүшөт. Максаты – мектеп ашпозчуларын кесипкөйлүккө үндөө.

Конкурс үч этап менен өткөрүлүп, арыздар 2024-жылдын 8-апрелинен 25-майына чейин кабыл алынат. Финал 2024-жылдын ноябрь айында өтөт. Шарттары менен https://clck.ru/39zUzQ шилтемеси аркылуу тааныша аласыз.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер