КОМУЗЧУЛУК ӨНӨР: РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК ӨТӨТ
- 09.10.2026
- 0
2026-жылдын 18–21-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында залкар күүчү, улуу устат Ниязалы Борош уулунун 170 жылдык мааракесине арналган республикалык кароо-сынак уюштурулат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан бул иш-чара К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өтөт. Сынактын негизги максаты — залкар күүчүнүн бай чыгармачылык мурасын сактоо жана жайылтуу, кыргыз элинин салттуу комузчулук өнөрүн өнүктүрүү, жаш аткаруучулардын чеберчилигин жогорулатуу жана сейрек аткарылган күүлөрдү кийинки муундарга жеткирүү болуп саналат. 
Катышуу шарттары жана программасы:
Сынакка 17 жаштан жогорку курактагы комузчулар катыша алышат. Мелдеш эки турда өтөт:
1-тур: Белгиленген репертуардан эки күү аткаруу;
2-тур: Ниязалы Борош уулунун «Сурнай күү» чыгармасын милдеттүү түрдө чертүү жана тандалган башка күүлөрдү музыкалык коштоо менен аткаруу.
Иш-чаранын графиги:
18-ноябрь: Биринчи тур;
20-ноябрь: Экинчи тур;
21-ноябрь: Жеңүүчүлөрдү аныктоо, сыйлоо аземи жана гала-концерт.
Катышуучулардын аткаруучулук чеберчилиги, күүнүн мазмунун ачып берүүсү, музыкалык тактыгы жана сахна маданияты кесипкөй калыстар тобу тарабынан бааланып, Баш байге, I, II, III орундар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
Катышуу: Сынакка катышуу үчүн табыштамалар 2026-жылдын 7-ноябрына чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат жана каттоо үчүн байланыш телефондору:
Ирина Суеркулова: 0700 075 274, 0500 382 696
Бекайым Жусупова: 0507 192 618
А.К., «КБ»