КОМУЗЧУЛУК ӨНӨР: ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КОНФЕРЕНЦИЯГА ЧАКЫРАТ
- 08.10.2026
- 0
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору залкар комузчу Ниязаалы Борош уулунун чыгармачылык мурасына арналган илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат.
Иш-чарага этномузыка таануучулар, музыка таануучулар, фольклорчулар, маданият таануучулар, тарыхчылар, жогорку жана орто кесиптик музыкалык билим берүү мекемелеринин окутуучулары, комузчу-устаттар жана жаш изилдөөчүлөр катыша алат.
Конференциянын негизги максаты — залкар комузчунун бай мурасын кыргыздын оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосунун контекстинде комплекстүү изилдөө, комузчулук өнөрдүн тарыхый өнүгүшүн, аймактык аткаруучулук мектептерин жана айтым күүлөрдүн жанрдык табиятын илимий жактан талдоо, ошондой эле салттуу музыкалык билимди «устат–шакирт» системасы аркылуу кийинки муундарга өткөрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.
Илимий жыйын 2026-жылдын 19-ноябрында саат 10:00дөн 14:00гө чейин оффлайн форматында Бишкек шаары, Чүй проспектиси 265а дареги боюнча КР Улуттук илимдер академиясынын имаратында өтөт.
Конференцияга катышууну каалагандар өз өтүнмөсүн жана макаласын 2026-жылдын 1-ноябрына чейин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл.
А.К., «КБ»