КОМУЗ – ТҮБӨЛҮК ЫЙЫК ӨНӨР

  • 29.05.2023
  • 0

Балдардын  жана өспүрүмдөрдүн  улуттук “Сейтек” борборунун “Кыргыз көчү”  комузчулар ансамбли кыргыз элинин унутта калып бара жаткан кыргыз элдик  салттуу  аспаптарын, улуу комузун  даңазалап, балдар арасында жайылтуу  иретинде, кыргыздын улуттук аспаптарын  көрсөтүп, кол ойнотуп, элдик күүлөрдү, ырларды тартуулап келет. Өткөн аптада “Кыргыз көчү”  өзүнүн отчеттук концертин берди. 

КОМУЗ – ТҮБӨЛҮК ЫЙЫК ӨНӨР

— Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын, КР Президентинин “2022-2027-жылдардагы  улуттук  наркты  сактоо  жана  өнүктүрүү  жөнүндө”  улуттук  Программанын  алкагында,  жалпы билим берүү уюмдарынын  жана  мектептен тышкаркы  кошумча билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына, жаш жеткинчектерге жана өспүрүмдөргө жарандык-патриоттук  тарбиясын жогорулатуу, маданий-эстетикалык табитин, улуттук жана универсалдык асыл-нарктарга  сугарылган муунду өстүрүү, адеп-ахлактыкка, ыймандуулукка тарбиялоо, өз тилин, дилин, ыйман-адебин, тарыхын, руханий дөөлөттөрүн, улуттук баалуулуктарын  арттыруу максатында жакында эле “Кыргыз көчү” комузчулар ансамблибиз отчеттук концертин берди. Бул иш-чара  бардык  кыргыздын улуттук аспаптарынын көргөзмөсү  менен башталып, залда  аспаптардын үндөрү угулуп, күүлөрдүн чертилиши, элдик ырлардын   жандуу үн менен  коштолушу келгендерди кайдимгер калтырган жок, — дейт борбордун директору Ира Балтабаева.

КОМУЗ – ТҮБӨЛҮК ЫЙЫК ӨНӨР

Отчеттук концерттин кадырлуу коногу  болуп,  Чолпон-Ата шаарынан келген К.Орозов атындагы балдар искусство мектебинин “Байсал” фольклордук ансамбли, №59 жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Шамбала” театралдык студиясынын  окуучулары болду.  Алар дагы өз өнөрлөрүн “Сейтек” борборунун  сахнасынан  көрсөтө алышты.

КОМУЗ – ТҮБӨЛҮК ЫЙЫК ӨНӨР

— “Сейтек” борборунун сахнасында “Кыргыз көчү” комузчулар ансамбли  биринчи жолу  ата-энелерге,  жалпы эле көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн, ушул жыл ичинде  кандай  жетишкендиктерге жетип, кандай  чыгармаларды  үйрөнүп калганын   тартуулашты. Концерттин программасы  өтө кеңири болду: кичине күүлөрдөн чоң күүлөргө чейин,  алсак, “Алтын балалык”, “Жаштар маршы”, Кыз кербез” ж.б. күүлөр, ошондой эле “Кыргыз көчү” ансамблинин бүтүрүрүүчүлөрү, ансамблдин алдында түзүлгөн элдик ырдоо студиясынан ырлар, кыл кыяк менен “Жол жүрүш”, “Каухар” ансамблинен бийлер, ырлар аткарылып, “Сейтектин” сахнасына шаңга бөлөндү. Концерттин коноктору “Байсал” фольклордук  ансамблинен чыгармалар, “Шамбала” театралдык  студиясынан “Эр төштүк” эпосунан үзүндү  көрсөтүштү. Улуттук аспаптарды  балдардын арасында жайылтууга салым кошуп, улуттук нарк баалуулуктарга  жол салган  жалпы эле “Кыргыз көчү” комузчулар ансамблинин  жалпы жааматына ийгилик  каалап, мындан ары да  кеңири улуттук ансамбль болушуна тилектешбиз, — деди И.Балтабаева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер