КОЛЛЕГИЯДА БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

  • 07.02.2023
  • 0

Жакында Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиясында окуучулардын республикалык  олимпиадасынын мектептик, зоналдык жана райондук, шаардык  турунун жыйынтыктары, билим берүү бөлүмдөрүнүн 2022-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету жана 2023-жылга карата өнүгүү планын талкуулоо жана бекитүү, ошондой эле КРнын Президентинин жарлыктары боюнча билим берүү уюмдарынын көрнөк-жарнактарынын жаңыртылышы ж.б. ар кандай маселелер каралды.

КОЛЛЕГИЯДА БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

Коллегияга Талас райондук администрация башчысы-акимдин орун басары З.Баялиева, Талас шаарынын мэриясынын  вице-мэри М.Сейдикеримова, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Б.Өмүрканов  жана мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын  жетекчилери катышты.

КОЛЛЕГИЯДА БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ МИЛДЕТТЕНДИРИЛДИ

Коллегиянын алдында окуучулардын предметтик  олимпиадасынын II этабынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, даярдаган мугалимдерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы күн тартибиндеги маселелерди карап чыгып, айтылган сын-пикир, сунуштардын негизинде, чечимдерди  кабыл алып, билим сапатын көтөрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы жетекчилерге милдеттендирди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер