КОЛЛЕГИЯ ОШТО ӨТӨТ

  • 30.03.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы  31-мартта Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, коллегияда бир нече маселе каралат. Ириде Билим берүү уюмдарын жана билим берүү программалардын аккредитациялоонун (институтционалдык  жана программалык аккредитациялоо) жыйынтыктары  жөнүндө баяндама угулат. Кийинки маселе жалпы билим берүүчү уюмдарда каражат чогултуу жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдери жана  окуучулары үчүн «Мектеп – биздин жашыл үйүбүз» аттуу экологиялык сынагын уюштуруу жөнүндө баяндаманы министрликтин Мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев жасайт. Жогорку окуу жайлардын ректорлорунун Эл аралык Форумун өткөрүү, ошондой эле билим берүү жаатындагы  ченемдик-укуктук  актыларды оптимизациялоо жөнүндө да маселе каралмакчы. Мындан тышкары коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларын ишке ашыруу боюнча маалыматты министрликтин  Коррупциянын алдын алуу боюнча секторунун башчысы Марат Усупбеков билдирет.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер