КОЛЛЕГИЯ: КҮН ТАРТИБИНДЕ БЕШ МАСЕЛЕ КАРАЛДЫ
- 27.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин коллегиясынын кезектеги отуруму министр Догдуркүл Кендирбаеванын төрагалыгы алдында, коллегия мүчөлөрүнүн, министрликке караштуу уюмдардын жана кесиптик лицейлердин жетекчилеринин катышуусунда өттү. Отурумдун күн тартибинде беш маселе каралды.

Маалыматка таянсак, алгач кесиптик башталгыч билим берүү системасындагы айрым бузуулар жөнүндө министрликтин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов баяндама жасады.

Баяндамада айтылган маселелердин негизинде министрликке караштуу айрым билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Коллегияда айрым предметтер боюнча предметтик стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да каралды. Бул боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева баяндама жасап, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында кыргыз тили жана окуу, математика, тарых, география жана аскерге чейинки даярдоо предметтеринин стандарттарын жаңылоо зарылдыгын белгиледи.
Республиканын жалпы билим берүү уюмдары үчүн тарбиялык иштердин программасын бекитүү жана ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз билим берүү академиясынын Тарбия жана социалдаштыруу лабораториясынын улук илимий кызматкери Ажара Касмалиева баяндама жасады. Маселе айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.
Ошондой эле Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасынын концепциясынын долбоору менен тааныштырды.
Мындан тышкары, министрликтин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Гулзат Чотбаева Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жана санариптик механизмдери жөнүндө баяндама жасады. Жогоруда белгиленген долбоорлор дагы сунуштарды эске алуу менен коллегиянын мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер