КАНЫБЕК ИСАКОВ: БҮГҮНКҮ МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП МЕНЕДЖМЕНТ КЕРЕК

  • 26.02.2020
  • 0

Бүгүн Бишкекте КР Билим берүү жана илим министрлигинин жылды жыйынтыктоочу коллегиясы өттү. Анда министрликтин өткөн жылда аткарган иши  канааттандырарлык деп табылып, жаңы жылга түзүлгөн иш планы колдоо тапты.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: БҮГҮНКҮ МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП МЕНЕДЖМЕНТ КЕРЕК

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзүнүн сөзүндө билим берүү тармагында санариптештирүү, билим сапатын көтөрүү, инклюзивдик билим берүү, педагогдорду даярдоону жакшыртуу, окутуу сапатын көзөмөлдөөчү мехнизмдерди киргизүү сыяктуу биринчи кезекте турган милдеттерди атап кетти. Бүгүнкү мектепке заманбап менеджмент жетишпей жатканын баса белгилеп, ар бир мектеп жетекчиси азыркы убакта менеджер болушу керек деп айтты.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: БҮГҮНКҮ МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП МЕНЕДЖМЕНТ КЕРЕК

Жарыш сөздө “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин иш тажрыйбасы, №5 Улуттук компьютердик гимназиясында санариптештирүү жана “Акылдуу мектеп” долбоору боюнча жасалып жаткан иштер, балдарга  кошумча билим берүүнүн өнүгүү векторлору, жождордо санариптештирүү  жана инновациялык ишмердүүлүк, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын реформалоо   сыяктуу темаларда жетекчилер баяндама жасашты.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: БҮГҮНКҮ МЕКТЕПКЕ ЗАМАНБАП МЕНЕДЖМЕНТ КЕРЕК

 

Бөлүшүү

Комментарийлер