КОЛЛЕДЖДЕР ҮЧҮН ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ ДАЯРДАЛУУДА

  • 06.08.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Компетенттүүлүк негизде билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмо даярдалды.

Аталган колдонмо республиканын колледждери жана кесиптик лицейлери үчүн пилоттук кесиптер жана адистиктер боюнча эксперименталдык окуу пландарын жана билим берүү программаларын түзүү үчүн иштелип чыккан.

Колдонмо Билим берүү жана илим министрлигинде, ошондой эле улуттук эксперттердин жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында талкуудан өттү.

Долбоордун алкагында Мамлекеттик билим берүү стандарттары статусуна ээ болуучу эксперименталдык окуу пландарынын жана билим берүү программаларынын үстүндө иш башталды.

Компетенттүүлүк негизде эксперименталдык билим берүү программалары төмөнкү кесиптер жана адистиктер боюнча иштелип чыгууда:

 АдистиктерКесиптер
1Тармактар боюнча электр менен камсыздоо

(техник-электрик)

Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик
2Ветеринария

(ветеринардык фельдшер)

Ветеринардык дарылоо боюнча оператор
3Айыл чарба продукцияларын (эт, сүт) өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы

(технолог)

4Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

(техник-электрик)

Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер
5Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча)

(техник-электромеханик)

6Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы) (техник-электрмеханик)Автомеханик
7Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо

(техник)

Курулуштагы жасалгалоо иштеринин мастери
8Ички санитардык-техникалык жана желдетүүчү түзүлүштөрдү монтаждоо жана эксплуатациялоо (техник)Слесарь-сантехник
9Жыгач иштетүү технологиясы, эмеректи конструкциялоо дизайны

(техник-технолог)

Жыгач устачылык эмерек өндүрүшүнүн мастери
10Автоматташтырылган системалардын эсептөө техникасын программалык камсыздоо

(техник-программист)

11Автоунаа транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (техник)Автоунаа каражаттарын оңдооч боюнча слесарь
12Электр станциялары, тармактар жана системалар

(техник-электрик)

13Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор)

Тикмечи
14Ачык тоо-кен иштери

(тоо-кен техник-технологу)

Ачык тоо-кен иштеринин машинисти
15Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу

(менеджер)

16Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу

(өндүрүштүк окутуу менеджер-мастери)

17Айыл чарба өндүрүмдөрүн (жер-жемиштер, жашылчалар) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы

(технолог)

18Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор-өндүрүштүк окутуу мастери)

Тикмечи
19Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттордун түрлөрү боюнча, суу траспорунан башкасы)

(техник-электрмеханик-өндүрүштүк окутуу мастери)

Аталган программаларды апробациялоо жаңы окуу жылында республиканын аймактарындагы пилоттук колледждердин базасында түзүлгөн сегиз Алдыңкы тажрыйба борборунда, ошондой эле 10 кесиптик лицейде уюштурулаары пландалууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер