КОЛЛЕДЖДЕР БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ ҮЧҮН СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРЫП ЖАТЫШАТ

  • 22.04.2024
  • 0

22-апрелде Токмок агро-өнөр жай колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында «Колледждин социалдык өнөктөштүгү: реалдуулук жана болочогу» темасында тегерек стол уюштурду.

КОЛЛЕДЖДЕР БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ИШКЕ ОРНОШТУРУУ ҮЧҮН СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРЫП ЖАТЫШАТ

Токмок шаарынын мэриясынын, иш менен камсыз кылуу борборунун, аймактагы колледждердин, кесиптик лицейлердин кызматкерлери, иш берүүчүлөр жумуш ордунда окутууну, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу үчүн социалдык өнөктөштөр менен кызматташуунун түрлөрүн талкуулап, колледждин окуу-өндүрүштүк комплексин көрүп чыгышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында  Токмок агро-өнөр жай колледжи кайра жабдылып, бул жерде Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурулуп, окуу-өндүрүштүк комплекси ачылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер